ТИМ Кувейтте кыйынчылыкка учураган кыргызстандыктарга жардам берет

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2018 12:19

ТИМ Кувейтте кыйынчылыкка учураган кыргызстандыктарга жардам берет

14 Кувейтке иштегени барып алданып калган кыргызстандыктардын ишин Тышкы иштер министрлиги өз көзөмөлүнө алды-дейт ведомствонун маалымат кызматы.

Белгилей кетсек, ишемби күнү Кыргызстандын 21 жана 23 жаштагы үч жараны Кувейтке жөнөткөн компания убадасына турбай, оор кырдаалга кептелгенин айтып кайрылган. Алар чет өлкөгө Борбор Азияга жумушка орноштуруу агенттиги аркылуу кетишкен.

«Учурда Кыргызстандын Кувейттеги элчилиги мекендештердин укугун коргоо боюнча иш-аракеттерди жүргүзүп, алар менен үзгүлтүксүз байланышта болууда. Консулдук КР жарандарынын иштен чыкканы үчүн төлөнүүчү 475 динар (1200 доллар) айып пулду жокко чыгарууну кувейттик жумуш берүүчү компания менен макулдашты. Министрлик бул маселени тыкыр көзөмөлдөп турат», — деп айтылат билдирүүдө.

Мындан сырткары, балдарды чет өлкөгө жумушка жиберген агенттикке укуктук баа берүү үчүн тийиштүү органдарга расмий кайрылуу жиберилгени айтылат.

Ал эми Мамлекеттик миграция кызматынын жеке агенттиктер менен иш алып баруу боюнча башкы адистин милдетин аткаруучу Азат Икрамов алардан арыз түшсө агенттикке чара көрүлө турганын айтты.

«Жабырлануучу жарандар кайрылгандан кийин биринчи лицензиясын карайбыз. Биз аны УКМК жана ИИМге жөнөтөбүз. Ал каралып бүткөнгө чейин агенттик убактылуу ишмердүүлүгүн токтотот. Эгер келишимге каршы иш жасаганы аныкталса, 75 миң сомдон жогору айып пул салынат», — деди Икрамов.

Белгилей кетсек, үстүбүздөгү жылдын 9-апрелинде Борбор Азияга жумушка орноштуруу агенттиги Бишкектен тогуз кыргызстандыкты (4 эркек, 5 кыз) Кувейттин борбору Эль-Кувейт шаарына ресторандарда тейлөө кызматына иштөөгө жиберет. Бассейн, машыгуу залы менен бүт шарты бар турак жайда жашап, 430 доллар маяна төлөнөрү убадаланат. Андан сырткары, чай пул да көп түшөрүн айтышкан. Бирок иш жүзүндө баары башкача болуп чыккан.

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 31, 2018 12:19

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина