ТЭЦтин биз билген жана билбеген жактары

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 25, 2019 10:06

ТЭЦтин биз билген жана билбеген жактары

4 — ТЭЦти модернизациялоо боюнча Келишимге 2013-жылы 1-февралда «Электр станциялар» ишканасынынын жетекчиси Салайдин Абазов тарабынан кол коюлган. Өкмөт башчысы Жантөрө Сатыбалдиев жана Энергетика министри Автандил Калмамбетов тарабынан колдоо көрсөтүлгөн. ТЭЦти модернизациялоо үчүн кытай банкынан насыя алууну ратификациялоону парламент жүргүзгөн.  ТЭЦти демонтаж же бузуу иштери 2014-жылы июнда башталып, ТЭЦти куруу иштери 2005-жылдын январынан башталат.

 ТВЕА ишканасы менен болгон келишим

 - ТЭЦти модернизациялоо кечээ гана чыга калган жок, ал Бакиевдин  бийлиги учурунда көтөрүлгөн. 2010-жылы февралда Максим Бакиев ЦАРИИ менен дүйнөлүк банктын  сунушу менен 150 млн. доллар жана ТВЕА компаниясы тарабынан 200 млн.долларга сунушталган бул маселени караган. Ал кезде де-юре Курманбек Бакиев президент болсо, де-факто Максим Бакиев ЦАРИИси менен жетектеп, премьер-министр Данияр Үсөновго 707 кабинетке отчет берип турган. 2010-жылы 15-январда Максим Бакиев Кытайга делегацияны жетектеп барган, март айында “Ынтымак» курултайы Максим Бакиевди түбөлүк президент кылуу маселесин көтөргөн. Ал Орусиянын «Манас» авиабазасын кетирүү тууралуу сунушун четке кагып, АКШ менен кызматташтык кылам деп Вашингтонго кеткенде,бийлик алмашылган.

2013-жылы 1-февралда түзүлгөн ТВЕА ишканасы менен контрактык Келишимдин шарты боюнча №1-8 казан агрегаттарды жана №1-4 агрегат куурду монтаждоо, өтө жогорку көтөрүмдөгү 2 көмүр казан агрегаттарын, буунун өндүрүштүк сыйымдуулугу 550 т/ саатка жеткен, 150 Мвтга жеткен жылуулаштырылган 2 агрегат куурду орнотуу каралган. 300 МВт кубаттуулуктагы станция өсүп отуруп 2017-жылы 600 МВт кубаттуулукка жетмек. Заманбап, жогорку технологиядагы жана жогорку экологиядагы дүйнөлүк стандарт менен 13,8 МПа жана 560 °С температурада буу бере турган казандар жана 12,8 МПа жана 555 °С температурада буу бере турган агрегат куурлар орнотулмак. Реконструкция болгон соң станциянын казандары кыргыз көмүрү менен иштеп, ТЭЦ 812 мегаватт электр энергия берип турмак. Бул мурункуга салыштырмалуу эки эсе көп эле. Бирок  ТЭЦ  биринчи эле сыноого чыдабай аварияга учураганы белгилүү.

TBEA ишканасы тууралуу эмнелерди билебиз: TBEA (Tebian Electric Apparatus Stock Co., Ltd). Энергетикалык долбоорлорго адистешкен.

ТЭЦ кайгысы

 Бишкек ТЭЦине 300 мегаватт кубаттугулунда эки казан агрегаттардык оюп, кытайлыктар келишим боюнча эки жыл  ТЭЦти  башкарат. Кыргызстанда мурун 208 млн. долларлык «Датка» — Кемин» станциясын курушкан.

Кетирген чыгымдары (доллар боюнча):

жабдыктар жана материалдардын наркы — 164,6 миллион

курулуш иштери — 66,7 миллион

монтажга — 64,2 миллион

башка чыгымдар — 63 миллион ( анын ичинде жетекчилерге кеткен чыгымдар— 19,2 миллион, текшерүүгө — 7,4 миллион, транспортировкага —12,4 миллион)

демонтаж иштерине — 18,3 миллион

ишенимдүү иштерди камсыздоо үчүн чыгымдар — 9,1 миллион.

Бардыгы — 385,9 миллион доллар

ТЭЦтин экс-директору  Нурлан Өмүркул уулунун билдиргенине караганда ТЭЦти ремонт кылууга 250-260 млн. доллар эле жетмек, калганы ашыкча дейт. Документтер боюнча аттиштер  620 долларга, 30 килограммдык өрт өчүргүчтөр  1600 долларга сатып алынат. №4 казан  (котел)  20,7 млн. доллар болсо, консультанттардын жардамы  5,9 млн. доллар, жетекчилерге кеткен чыгым 14,4 млн. доллар болгон. Унаага кеткен чыгымдарга  9,3 млн. доллар, проект түзүүгө – 11,9 млн. доллар, ошолорду окутуш  үчүн гана  845 миң доллар коротулган. Курулушту убактылуу электр жана суу менен камсыз кылыш үчүн 453 миң доллар кеткен.

Мамлекеттин тарткан зыяны 111 млн. 252 миң 797 доллар болгон

- ТЭЦти курганга 150 млн. долларга макул болбой койду, анда ТВЕАга 200 млн. долларга оңдото бербейби. Эгер мамлекеттин келечегин караса, анда бааны ылдыйлатат эле, эмнеге оңдотуунун баасын 386 млн. долларга көтөрүп, эптеп өнүгүп келаткан мамлекетти Кытай компаниясынын жетегине салып беришти?

— Келишим түзүлгөн күнү эле мамлекеттин тарткан зыяны 111 млн. 252 миң 797 доллар болгон. Бул жерде бир топ каталыктар бар. ТЭЦти модернизациялоо боюнча так эсеби, сметасы болгон эмес. Мамлекеттин кепилдиги менен алган карызына кимдир бирөөнүн бекер акчасындай өтө кайдыгер мамиле жасашкан. ТВЕАнын сунушу менен гана алынган бул насыя акчага чар жайыт, үстүртөн эптеп карыздарды жок кылыш үчүн аракеттер болгон. Бул ишти аттары эч жерде аталбаган төрт фирма ишке ашырган. Эң чоң катачылыгы  — ТЭЦти модернизациялоо үчүн Техникалык-экономикалык негиздери (ТЭО) болгон эмес. ТЭОсу жок эле ишке киришкен ТВЕА кыргыз аткаминерлеринин алкы бузуктугун билип, Кытайдын экспорт-импорттук банкынан чоң суммадагы насыя алууну сунуш кылышкан. Өкмөттүк деңгээлде бул маселени чечүү үчүн алар Кытайдын элчисинин соода-экономика байланышы боюнча кеңешчисин ортого салган. Жыйынтыгында Салайдин Абасов башында турган «Электр Станциялары» ишканасы ТВЕА менен келишим түзүүгө даярдык көрүүгө киришип, Жантөрө Сатыбалдиев жетектеген Кыргыз Өкмөтү менен Автандил Калмамбетов жетектеген Өнөр жай жана энергетика министрлигинде кызуу колдоого алынат. Эскерете кетели,  2013-жылдын 22-апрелине чейин Өнөр жай жана энергетика министри Автандил Калмамбетов болгон. Бул жерде тендер жарыялабай туруп антикоррупциялык, экологиялык жана укуктук экспертизадан өткөзбөй, ТЭОсу жок 386 млн. долларды кытай банкынан алып КРнын «Мамлекеттик сатып алуулар» тууралуу мыйзамын ачык бузушкан. Эгер буларды колдонгондо ар кандай сын айтылып, талкууланып коррупцияга бөгөт болот эле.

Алмазбек Атамбаев ТЭЦ жөнүндө эмне дейт?

— Алмазбек Атамбаевдин да  ТЭЦ  тууралуу «Апрель» телеканалына берген маегинен Kaktus.media сайтынан алып кыргызча которуп бердик, ар ким өзүнчө жыйынтык чыгарсын деп.

«ЖЭБ боюнча бардык сандарды айткым келет. Азыр гезиттер бардыгына жетпейт, интернет бардыгында эмес. Маалымат беттеринде  ТЭЦтин баасы эки эсе көтөрүлгөн деген жана миллиондор пайдаланылган деген калп тарап жатат. Сандарга келели. Эгер энергетиканы алсак, ар бир курулган объекттин өздүк наркы канча мегаватт электр энергия берет, ошого барабар. Тоюз, бир мВт кубаттуулукту алыш үчүн курулушка канча кетти?

Эгер Бишкек  ТЭЦине кеткен бир мВт чыгымды эсептесек  1 млн. 280 миң доллар болот, кыскача  1,28 млн. доллар. Эгер Караганданын ТЭЦ-4тү алсак, анда 2,31 млн. доллар кетет. Бизде 1,28 млн. Доллар, тоюз, аларда бизден эки эсе көп. Семейдеги ТЭЦ-3тү алсак, ал жерде бир мегаваттка кеткен чыгым 2,88 млн. долларды түзөт. Бизде болсо, дагы бир кайра кайталайм, 1,28 млн. доллар. Бизге караганда аларда эки эсе кымбат болуп жатат.

Өзбекстандагы Туракурган ТЭСинде арзан деп жатышат. Туура, ал жерде арзан. Биз сандан жаңылдык, көңүл буруп карап көрсөк Тура курган ТЭСинде жылуулук бербейт экен, ысык суу бербейт экен. Бул электростанция гана, ТЭЦте эмес. Ошондуктан аны арзан курушкан. Дүйшөмбүдөгү ТЭЦти ТВЕА курган деп жатышат. Эгер Бишкек ТЭЦинде 1,28 млн. доллар болсо, Дүйшөмбүдө 1,32 млн. доллар. Бул жерде оюн ойнолуп, бир гана этабын көрсөтүп жатышат. Биринчи этап 349 млн. доллар, экинчи этап 180 млн. доллар, эгер экөөнү кошсо 400 мегаватт же 1,32 млн. доллар. Бизде 1,28 болсо, аларда 1,32 млн. доллар, тоюз, бир караганда баасы бирдей. Бирок Тажикстанда, акчадан тышкары эки алтын чыга турган кенин берген. Ал жерде алтындын запасы 130-160 тоннаны түзөт. Бул биздин эки Жер-Үйдү түзөт. Жыйынтыгында мындай, алар ТЭЦти биздин баа менен куруп жатат да, андан тышкары эки Жер-Үйдү берип жатат. Ойлонсоңуздар, Бишкек ТЭЦтин реконструкциясы үчүн эки эмес Жер-Үйдүн жарымын берсем, мени эл тирүүлөй жеп салмак. Кайсы 100 миллион доллар?! Кайсы пайызы?! Таң калтырат! Эгер Сапар Исаков чындап 100 млн. доллар жегенде эмне болмок?..

Мен анын үй-бүлөсү кандай абалда экенин жакшы билем. Сапар иштеп жаткан учурда мен аны кичүү инимдей жакшы көрчүмүн, жана дайыма колдоп жүрдүм. Азыр да анын үй-бүлөсү менен байланышты үзгөн жокмун. Жакында анын жубайы Малика үйгө келиптир. Жардам бердим. Анын үй-бүлөсүнүн ал-абалы азыр такыр башкача…

Менин душмандарымда мага каршы бир гана курал бар – ал ушак. Бир гана ушак, башка эч нерсеси жок. Бирок чындык эртеби-кечпи баары бир биздин көчөгө да келет. Мүмкүн ТЭЦти куруп жатканда кимдир бирөөлөр уурдагандыр. Биздин Кыргызстанда аткаминерлер уурдамайын күн көрбөйт. Азбы же көппү элге дүң болгон ат тиш мисал боло алат… Арийне, башка жерде дагы бир нерселерди ташыгандыр.

Бул жерде Сапар Исаковдун эмне тиешеси бар, анын күнөөсү эмне? Сапар Исаков ТВЕАнын кызыкчылыгын коргогон дешет. Кытай элчилигинен кат келип, ал бардык депутаттарга таратылган. Бул тууралуу биринчи кезекте Жээнбеков билет. Кат орус тилинде жазылып, бул маселелерди жүргүзгөн элчиликтин сода-экономикалык маселелер боюнча кеңешчисинен келген. Бул каттан үзүндүлөрдү окуйун:

«ТВЕА компаниясы бул долбоорду ишке ашырууда КЭРдин өкмөтүнүн деңгээлинде бирден бир аткаруучу болуп бекитилди». Айтылып жатат, Кытай өкмөтүнүн деңгээлинде чечилиптир. Эгер Кытай өкмөтү кат жөнөтүп, бул долбоор ТВЕА ишканасы тарабынан ишке ашат деп турса, Исаков да, Атамбаев да эч нерсе кыла албайт. Муну акча берип жаткан мамлекет чечип, жөнөткөн катында түз айтып жатат».

ТЭЦтин курулушу жана «Энергохолдинг»

 - ТЭЦтин долбоору боюнча Кытайдан карызга алуу башкы документти Салайдин Абазов түзсө, 386 млн. доллардын дайынсыз кетишине Айбек Калиевдин жоопкерчилиги да бар. 2017-жылы 30-августунда ТЭЦти бүтүрдүк деп Атамбаевди чакырышып Атамбаев өтүп бараткан жерлерге гүлзарларды орнотуп, имараттарды актап, сырдап үстүртөн жалган капремонтторду жасашкан.

Максим Бакиевдин ЦАРИИсинде эксперт Айбек Калиев кийинки өкмөттөрдө да эксперт болуп жүрүп тез эле 2012-жылы Өнөр жай жана энергетика министринин орун басары болуп барат. ТВЕА менен болгон келишимди түзүүдө башкы ролду Айбек Калиев да ойногон. Ал 2015-жылы экономика министринин орун басары болуп ТЭЦтеги курулушту көзөмөлгө алганын токтоткон эмес. 2016-жылы бүт электр тармагын колго алган «Энергохолдинг» түзүлүп, анын башына Айбек Калиев келет. Айбек Калиев жакын туугандарын бүт электр тармагындагы эң кымбат майлуу-сүттүү орундарга отургузган. Эч нерсеси жок Айбек Калиев чоң кызматка келер менен миллионерге айланат. Жубайы абдан кымбат «Тойота Авенсис» автомобилин алса, өзү эң кымбат «Тойота Прадо», 4,1 миллионго турак-жай, көз жоосун алган мебелдерди жана техниканы алган. Ошондой эле мүлктөрдү сатууда 4,5 млн. пайда көргөн.

ТЭЦте авария болуп эл тоңуп отурганда Бишкектеги эң кымбат ресторанда баласына той берип, миңдеген кишилерди чакырган. Бул акчаларды  кайдан тапкан?  Кечээ эле эч нерсеси жок Айбек Калиевге мынча акча кайдан келген?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Январь 25, 2019 10:06

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина