Темир Сариев: Биздин алдыбызда бир гана жол бар, – ал – ɵнүгүү жолу

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 3, 2015 10:15

Темир Сариев: Биздин алдыбызда бир гана жол бар, – ал – ɵнүгүү жолу

10 3 август, Бишкек. Бүгүн, 1-августта, Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Жалал-Абад облусуна сапардын алкагында Ала-Бука районундагы жайгашкан Бозумчак кениндеги «Казакмыс Голд-Кыргызстан» тоо кен иштетуучу ишканасынын ишке берүү аземине катышты.

Ачылыш аземинде Темир Сариев аталган комбинаттын ачылышы өлкɵ экономикасы үчүн чоң мааниге ээ экенин белгилеп, бул күн майрам катары кабылданаарын билдирди.

Ушул аптада гана Талды-Булак Сол Жээк кениндеги «Алтын-Кен» ишканасы ишке берилгенин маалымдаган Премьер-министр бул сыяктуу бир катар ишкана, комбинаттарды ишке киргизүү улантылаарын билдирди.

«Мамлекетибиз эгемендүүлүк алгандан тарта бир катар кыйынчылыктарды баштан ɵткɵрдү. Өткɵɵл учурда фабрика, завод, ишканалар токтоп калды, жарандарыбыз башка ɵлкɵлɵргɵ иш издеп, Россия, Казакстан сыяктуу ɵлкɵлɵргɵ чыгууга аргасыз болушту. Ушундай учурда биз жаңы ишканаларды ишке киргизип, жумуш орундарын түзүп, мамлекетибиздин эгемендигин, кубаттуулугун бекемдеп, туруктуу ɵнүгүүсүн камсыздашыбыз зарыл. Биздин алдыбызда бир гана жол бар, – ал – ɵнүгүү жолу», – деп белгиледи Т.Сариев.

Өкмɵт башчы билдиргендей, комбинат буга дейре тесттик режимде иш алып барып жаткан, сентябрдын соңунан тарта ал толук кубаттуулукта ишке берилмекчи. «Андан жыл аягына дейре 200 млн сом салык түшсɵ, анын 50 млн сомдон ашыгы жергиликтүү бюджетке келип түшɵт. Эгерде ишкана толук кандуу ишке берилсе, анда жылына мамлекеттин казынасына 400 млн сом которулат, ошол эле учурда миңден ашуун жумушчу орун пайда болот. Эки комбинаттан жылына 1,5 млрд сом салык түшɵт, 2 миңге жакын адам иш менен камсыздалат», – деп билдирди ал.

 

Нурзада Акмат, “Азияпресс”

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 3, 2015 10:15

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина