Текебаевдин тарапташтары жолду буугандыгы үчүн камакка алынды

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 27, 2017 13:56

Текебаевдин тарапташтары жолду буугандыгы үчүн камакка алынды

Теке «Манас» аэропортуна кеткен жолду тоскон жарандар кармалып, тогуз адам камакка алынды.

«Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевдин тарапташтары жол буугандыгы үчүн кармалышканын Чүй облустук ички иштер башкармалыгы билдирди. Белгилей кетсек, «Ата Мекен» фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаев кечээ, таңда УКМК тарабынан 48 саатка камакка алынды.  «Жекшемби күнү түнкү саат 03.30да депутаттын тарапташтары «Манас» аэропортуна кеткен жолду Honda Fit унаасы менен жаап коюшкан. Мындай кадамга барган адамдар милиция кызматкерлери тарабынан кармалып, Сокулук райондук соту тарабынан төрт адам беш күнгө, дагы төртөө эки күнгө жана бир адам 24 саатка камакка алынды», — деп жазылат маалыматта. Башкы прокуратура депутатка «алдамчылык» жана «коррупция» беренелери боюнча кылмыш ишин козгоп, тергөө иштерин УКМК жүргүзүп жатат.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 27, 2017 13:56

Парламент

Элдик медицина