Ө.Текебаевдин ишинде негизги күбө болгон Л.Маевский Москвада камакка алынды

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 19, 2018 09:43

Ө.Текебаевдин ишинде негизги күбө болгон Л.Маевский Москвада камакка алынды

15 Москва шаарында Мамлекеттик Думанын экс-депутаты Леонид Маевский ушул жылдын январь айынын ортосуна чейин камакка алынды. Ал бирөөнү жаманатты кыла турган маалыматты ачыкка чыгарбоо үчүн жабырлануучулардан 37,5 млн доллар талап кылган деп айыпталууда, — деп жазат «Интерфакс».

«Тараптардын далилдерин угуп, материалдарды карап чыккан соң сот Маевскийди 2019-жылдын 14-январына чейин камакта катыруу өтүнүчүн канааттандырды», деп соттун чечимин судья Дмитрий Гордеев окуду.

Маевский Россия Федерациясынын Кылмыш-жаза кодексинин 163-беренесинин 3-бөлүмү менен айыпталууда. Эгерде анын күнөөсү далилденсе ал 15 жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүн.

Тергөөнүн маалыматына караганда, Маевский Москва шаарында 2018-жылдын 31-октярынан 8-ноябрына чейин белгисиз адамдар менен ич ара сүйлөшүп алып, жабырлануучулардан 37,5 млн доллар талап кылган. Эгерде баш тартышса, аларды жаманатты кыла турган маалыматты жарыялай тургандыгын айткан. Аталган факт боюнча 14-февралда кылмыш иши козголуп, кийинки күнү кармалган.

Кыргызстанда Леонид Маевский Жогорку Кеңештин экс-депутаты Өмүрбек Текебаевдин ишинде негизги күбө катары каралып келет. Текебаев мүлкүн конфискациялоо менен 8 жылга камалып, 3 жыл аралыгында мамлекеттик органдарда иштөө укугунан ажыратылган.

Ага 2017-жылдын 25-февралында Башкы прокуратура «Альфа Телеком» компаниясынын башкармалыгынын курамына кирүү үчүн депутатка 1 млн доллар бергенин айткан россиялык бизнесмен Леонид Маевскийдин арызынын негизинде КРнын Кылмыш-жаза кодексиндеги 303-берененин 1-бөлүмү (коррупция) жана 166-берененин 4-бөлүмүнүн 2-3-пункттары (алдамчылык) менен кылмыш иш козгогон.

Ө.Текебаев 26-февралга караган түнү Европадан Стамбул аркылуу учуп келгенде «Манас» аэропортунан кармалып, камакка алынган болчу. Бул иш боюнча Кыргызстандын Түштүк Корея жана Вьетнамдагы мурунку элчиси Дүйшөнкул Чотонов дагы 27-февралда камакка алынган.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 19, 2018 09:43

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина