Тазалыкты сактоо ар бирибиздин милдетибиз

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 14, 2020 00:28

Тазалыкты сактоо ар бирибиздин милдетибиз

8 Чүй облусуна караштуу Москва районундагы “Таза айыл” муниципалдык ишкананын жумушчулары Беловодское айыл аймагындагы акыр-чикир, таштандыларды өз убагында чыгарып тургандыгы үчүн жашоочулар ыраазылыгын билдиришүүдө. Анын себеби мурдагыга салыштырмалуу бүгүнкү күндө Беловодское айыл аймагы тазарып калгандыгын, ал эми таштанды салынган челектер өз маалында бошотулуп, көчөлөр, сейил-бактар, арыктар таштандылардан арылып калгандыгын белгилешет.

“Таза айыл” муниципалдык ишканасынын аткарып жаткан иштери туурасында биздин кабарчыбызга аталган ишкананын адиси Игорь Вшивцев төмөндөгүдөй маалымат берди. “Бүгүнкү күндө биздин ишканада 2 таштанды чогултуучу атайын техникабыз, сузгучу менен бир тракторубуз жана башка дагы керектүү техникаларабыз бар. Албетте, биздин милдетибиз айыл ичин таза кармоо. Бирок тазалакты сактоо ар бир айыл жергесинде жашап жаткан жашоочунун да милдети болуш керек. Биздин адистер таң аткандан күн батканга чейин көчө шыпырып, таштанды челектерди бошотуп, арыктарды, сейилбактарды күн-сайын майрам жана дем алыш күндөрүнө карабастан таштандыдан арылтканга үлгүрбөйбүз. Бирок ошондой болсо да мурдагы жылга салыштырмалуу быйыл Беловодское айыл аймагы кадимкидей тазарып калды. Кушмчалай кетсем, биз бир гана таштанды чогултуу менен алектенбейбиз, Моска районунундагы болуп жаткан ири майрамдарды уюштуруу бонча да биздин кошкон салымыбыз чоң, ошондой эле көчө шамдарын өчүрбөй карап турабыз. Тилекке каршы, биздин кылган эмгегибизди баалабагандар да көп. Мисалы, ошол эле таштанды чыгаруу боюнча мээнет акыбызды кайтарбай биздин ишканага көпчүлүк жарандар карыздар болуп келишет”.

Гульмира Убакеева

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 14, 2020 00:28

Приемная кампания 2020

Элдик медицина