Таза суу менен камсыз кылуу колго алынууда

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 5, 2019 15:11

Таза суу менен камсыз кылуу колго алынууда

6 2019-жыл “Аймактарды өнүктүрүү жана санариптештирүү” жылынын алкагында Панфилов районуна караштуу Курама айыл өкмөтүндө 2017-жылы күз айларынан тартып таза суу долбоору боюнча муниципалдык ишкана түзүлүп, бир топ иштер илгерилеп, карапайым калктын катмары таза суу менен камсыздалып жаткан учуру. Бул айыл аймакта элди таза суу менен камсыз кылууну колуна алып, бүткөрүлө турган иштерди көзөмөлдөп келген суу башкармалыгынын жетекчиси Кошоев Таалайбек Касымович менен маектештик.

-Таалайбек мырза, учурда кандай иштер менен алектенип жатасыздар?

-Биз азыркы убакта  жергиликтүү калк жашаган үйлөргө суу киргизүү менен алектенипжаткан учурубуз. Тактап айтканда, Курама айыл аймагындагы айылдардын тургундарына таза суу менен камсыздайбыз. Бир эле жеке үйлөр эмес анын ичинде жергиликтүү органдар, билим берүү мекемелери өз учурунда суу менен камсыз болуп жатышат. Азыркы учурда айылдарды 85 пайызга суу менен камсыздап, кеч күгө чейин толук бүтөбүз деп турабыз.

-Бул долбоорго канча каражат бөлүнгөн жана эл тарабынан да төлөнөбү?

  • Долбоорго 170 миллиондон ашык каражат каралып, толугу менен долбоорго жумшалган. Мындан сырткары, короосуна же үйүнүн ичине сууну киргизем деген жашоочулар каалаган жерине чейин жетүүчү каражаттарды өздөрү сатып алышат жана ошол кызматка акы төлөшөт. Айылдык кеңештин чечими менен жетим-жесир жана азы камсыз болгон үй-бүлөлөргө 496 миң сом бөлүнүп берилген. Мындай үй-бүлөлөрдүн короосуна кирген сууга акы төлөнбөйт.  элдер өз үйлөрүнө суу киргизгенде жабдууларды өздөрү алышат жана жумушуна акы төлөп беришет.
  • Бул долбоор качан аяктап калат?
  • Буйруса сентябрь, октябрь айларында бүтүрөбүз деп жатабыз. Күн муздаганча жыйынтыктайбыз деген үмүтүбүз чоң.
  • Иштерди алып барууда чечилбеген көйгөйлөр болуп жатабы?
  • Ар бир жумушта өзүнчө бир көйгөйлөр болот эмеспи, биз көйгөйгө кабылсак акырындык менен чечип жатабыз.
  • Мамлекет тараптан долбоорду каржылоодо кыйынчылыктар жаралган жокпу?

— Кыйынчылыктар жок баары шыдыр жүрүп жатат деп айта албайбыз. Көрүнбөгөн бирок маанилүү кыйынчылыктар да болот. Ар бир жумушта кыйынчылык болбосо сапаттуу ийгилик жаралбайт. Жумуштагы кыйынчылыктар менен тоскоолдуктарды чечип ишти алга жылдырып келебиз.

  • Долбоорду аткарууга канча жумушчу күчү тартылган?
  • Биздин муниципалдык ишканабызда 25 адамга штат түзүлгөн. Жумушчуларыбыз так жана жоопкерчилик менен иштешет. Ошого жараша айлык акылары учурунда берилип, бир топ жеңилдиктер да болуп турат.

Б.Жусупахматова

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 5, 2019 15:11

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина