Таш-Дөбө айылынын алдыга таштаган кадамдары

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 30, 2018 10:27

Таш-Дөбө айылынын алдыга таштаган кадамдары

8 Президент Сооронбай Жээнбеков Ош, Жалал-Абад облустарын кыдырып жүрүп, элет элинин бүгүнкү болуп жаткан жакшы саамалыктары менен жеринен таанышты. Ал ошол облустардын жетекчилери менен жолугушкан жыйын учурунда элет жеринде болуп жаткан мындай алдыга умтулууларды баса белгилеп, жемкорлук менен күрөшүү иши катуу дем менен башталганына токтолду. Жемкорчулукту бир гана Ак үй тараптагы атка минерлер жасабасын, ал райондук деңгээлдеги паспорт столу, салык мекемеси жана ар кандай социалдык тармактарга өтүп кеткенин белгилеп, алар менен күрөшүү иши да элдин колунда экенин баса айтты. Ошол жыйынга катышкан элдин көйгөйүн угуп, ар бир айтылган сөзүн талаага кетирбей жазып алып отурду.
Бир районго чамалаш айыл өкмөт

 

Аламүдүн районундагы Таш-Дөбө айыл өкмөтү табият тартуулаган эң кооз жерде, борборубуз Бишкек шаарына жакындыгы менен өзгөчө. Кыргызстандын Курортологиясын курган учурда атайын ден соолукту чыңдоо максатында иликтеп жүрүп ушул ажайып жерди тапкандай. Бүгүнкү күндө калкынын саны боюнча Жалал-абад облусундагы Тогуз-Торо районуна чамалаш Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн калкынын көбү борборубуз Бишкек шаарында эмгектенишип, 265 жана 295-чи маршруттук жүргүнчүлөрдү ташуу тынбай жүрүп турат. Ушуну менен гана чектелип калбастан элет жеринде айыл чарбасы менен алектенгендердин саны да көп. Күркүрөгөн күз алды талааларда дан эгиндери толугу менен жыйналып, башка өсүмдүктөр да мени качан жыйнап алат деп суйсалып, кезек күтүп калган кез.

 

Жакшы жасалган иштер

 

Кыргыз жергеси, акактай тунук, кереметтүү жайларга бай. Арийне, ажайып кооз жерлердин салмактуусу Чүйдү көздөй ооп алгандай. Боз балдарынан өйдө тулпарга туурасынан минип, алып, ат тизгинин койо берип Аламүдүндө сызып бараткандай. Чүйдүн жери чексиз! Аламүдүндү эстегенде кыргыз жергесинен Кокон бийлигин кууп чыккан Байтик элестелет, ак сүйүүсүн арман кылып ырга чалган Балыкооз элеси келет. Арыган кыргыздарды казак талаасында манаптык дили менен баккан Чолпонбек элестелет. Жакшы жасалган иштер, кээ бир адамдарды түйшөлдүрүп, түн уйкусун бузат, биз айыл өкмөтү кимге жакшылык кыла алды деп ойлонбой туруп жаман сөздөр менен ашатып алгыбыз келет. Ооба да, адамдарга жакшы иш кылуу эмес, жакшы сөз айтуу да оор иш болуп бараткандай. Капчыгыбыз эмес, калем сабыбыз да жаман,негативдүү жактарды жазууда жорголоп кетип, жакшы сапатын айтууда, «күйөөгө берчү кыздай» мокок болуп калабыз. Анан калса,илгери «күйөөгө берчү кыздар» көшөгө ичинде моймолжуп отурушса, эмки күйөөгө берип жаткан кыздар, так текедей секирип, кайын аталары менен «ламбада» тээп жүрүшөт.

Заман бузулуп баратат, бир гана Таш-Дөбө айыл өкмөтү бузулган жок. Анан да сегиз миң жыл жашап келген, миллиондогон кыргыз элинин ичинен, 480 айыл өкмөтү «ай-кашкалардын» ичинен, «жарышка түшчү буудандай» жулунуп турган элге демөөр болгусу келген мындай айыл өкмөтү да бар экенин баса белгилегибиз келет. Байыркы кыргыздар: «Сулуу кыз, суусар тебетей, күлүк ат»-деп келишкен. «Сулуу кыз» болсо түшүнүктүү, «суусар тебетей» супермаркеттеги чет элдик кийимдер. Ал эми «күлүк ат» чындыгы, манаптыктын белгиси болгон. Таң атпай Ат-Башыдан чыккан күлүк, ээсин кеч курун Токмок базарына жеткирген учурлар болгон. Азыр «бронежилет» кийип, брондолгон автомобилдин алдыңкысын минип кээ бирөөлөр күнү боюу Ат-Башыга жете албайт… Анткени, улам токтоп турат…Азыр Таш-Дөбөнүн бий айылыан экинчи айылына ат менен баргандан эринет.
Айыл өкмөтүндө эмне иштер жүрүп жатат?

Быйылкы жылды айылды өнүктүрүү жылы катары айыл жерине басым жасап жатабыз. Ошого таянышып иш эмес, ашка көбүрөөк көңүл бөлгөн айыл өкмөтүнүн төрагасы кетирилип, ордуна жаңы шык, жаңы демөөр менен күнү чапкылап, түнү да жатып алып элди ойлогон жаңы айыл өкмөтү келди. Кыска убакыттын ичинде эле көп өзгөрүүлөр болуп өттү. Алсак бир районго тете калк жашаган Таш-Дөбө айыл өкмөтүндөгү Таш-Дөбө жана Воронцовка айылдарына тиешелүү эки кабаттуу бала бакчаны ортодо элди ойлобой капчыгын көздөгөндөр мыйзамсыз менчиктештирип алган. Негизи мыйзам боюнча социалдык объекттерди менчиктештирүүгө жол берилбейт. Ушул бала бакчаны элдин колуна алып берүү үчүн жергиликтүү кеңештин депутаты Жакебаев Улан баштаган далай соттук инстанциялардан өткөн иш, акыры Таш-Дөбө айыл өкмөтүнүн жеңиши менен аяктады. Бала бакча мыйзамсыз кеткен адамдардын колунан алынып элге берилди. «Кара кыздын агынан эмес багынан» дегендей жаңы келген айыл өкмөт башчысынын иштиктүү аракеттери да салым кошкондой.
Элет жеринде электр жарыгы күйдү

Албетте, Илъич шамы жаркырады десек, өткөн кылымдын отуз-кыркынчы жылдарындай экен деп ойлбосун. Электр энергиясы толугу менен бар. Арийне, көчөлөргө жарык берген электр шамдарын орнотуу да бүгүнкү жаштардын демилгеси болгон. Ушул ойду ишке ашыруу үчүнТаш-Дөбө айыл өкмөтү бекер отуруп калган жок. Бүгүнкү күндө жаркырап түнкүсүн ар бир көчөдө электр жарыгы жаркырап турган кез.


Мөлтүр суунун башаты

Таш-Дөбө айылы Бишкек шаарын мөлтүр суу менен камсыз кылып жатат, бул айыл өкмөтүнөн агып чыккан Ала-Арча суусу Бишкекути тең жарып өтөт. Кыргыз эли эмнеден кем? Биз табият тартуулаган ажайып кооз жерде, мөлтүр булактын үстүндө отурабыз. Россия президенти Владимир Путин, жакын арада Москвада 1 литр суу 1 литр мунайзаттан да кымбат болоорун айтып жатат. Ал эми ашына президентибиз Ислам Каримов, Борбордук Азияда чыр суунун аркасында болушу керек деп каңкуулап кеткен. Отуз жылдан бери биз алтынчы бийлик менен иштеп жатабыз, кимдир бирөөлөр чейрек кылымдап бийликте отурушат. Арийне, кыргыз элинин үстүнө не деген «жугундуларды» төккөн жок. Биздин кыргыз элибизди газдан, мунайзаттан шыбагасы жетишсиз дешип шылдыңдашкансыйт. Эмне тоонун суусу иримдеп акканын көрбөй турушабы, 50 млрд кубдун 10 пайызына жетпегенин гана кыргыз эли пайдаланып жатабыз. Тоодон агып түшкөн ар бир литр суубуз акактай тунук, коондой ширин! Чөлдө жашашкан арабдар деле акыркы моделдеги шаарларды чөл үстүнө куруп жатат. Биздин шаркыраган суулар алардын мунайзатынан да аша турган убак келатат.

Совет маалында бир анекдот айтылчу, бир колхоздун жыйналышында 3 маселе каралат. Биринчиси, курулушка материал табуу, экинчиси, түшүмдү жыйнап алуу, үчүнчүсү жөөт бухгалтер Моисейди Израилге узатуу. Курулушка материал жок, түшүм жыйноого техника жок. Ал эми Израилге кетип бараткан Моисей үй-жайын, техникасын сүйүктүү колхозуна калтырып жатыптыр. Ошондо бир колхозчу тура калып кыйкырат имиш:

-Туугандар курулуш куруп эмне кылабыз, түшүм жыйнап эмне кылабыз? Андан көрө бир жөөт багып албайбызбы?- деп.

Бүгүнкү кыргыздар келечегинин камын көрүп айыл чарбасынын кирешелүү тармак экенине ынанышып бул тармакта жаны тынбай иштеп жатышат. Муну Таш-Дөбө айыл өкмөтүндө жайы-кышы жаны тынбай иштеп жаткандар далилдейт.


Ажайып жерге ажайып курортология курулган

Таш-Дөбө (Воронцовка) айылында дарылоо ооруканасы 1982-жылы ачылып, Курортология Илим изилдөө институтуна айланган. Адам ооруп же оорусу өтүшүп кеткенден кийин гана дарылануунун камын көрбөй, ден соолугунун алдын алууга тийиш. Курортология боюнча институт төмөнкүдөй багыттарда иш алып барат: Курортология, физиотерапия, медициналык реабилитациялоо, дарылоо, дене тарбиясы боюнча илимий иштерди жүргүзөбүз. Дарылоо, реабилитациялоо жана профилактика кылуу максатында мамлекетибиздин тоолуу климатын, курортук ресурстарын пайдалануу максатында изилдеп чыгат. Өлкөбүздүн калкына атайын физиотерапиялык жана алдын-алуу боюнча жардамдарды көрсөтөт. Кыргызстандын жаратылыш байлыктарын рационалдуу пайдалануу үчүн эсебин алып, туура пайдалануусун элге кеңири жайылтат. Айта кетчү нерсе курорт иштери боюнча жакшы мыйзамдар кабыл алынган. Курортология боюнча институт да өзгөртүү кийирип өкмөткө сунуш кылып жатат. Ушул мыйзамдарга өзгөртүү кирсе, институт медицина жагынан элге кызмат жагын тыкыр көзөмөлгө алат. Илимий-методикалык жактан көмөк көрсөтүү күч алат, ал эмес курортторго лицензия берүү көзөмөлгө алынат. Азыркы күндө Ысык-Көлдө эле канчалаган санаторий, пансионат, курорттор бар. Аларга канчалык деңгээлде медициналык жактан тейлөө жүргүзүлүп жатат. Ден соолукту чыңдоо туризми өнүгүп бара жаткан учурда, Курортология боюнча институт ушул тармакка кызыкдар болгон бардыгы менен кызматташтык жүргүзүшү керек.

Жаңы технологияларды колдонуу максатында профсоюздук санаторий, курорттор менен келишим түзүүдө. Жаратылыш байлыгын пайдалануу, минералдык сууларды колдонуу, экологиялык жактан комплекстүү карап, курортко тийиштүү табигатты коргоо, курорттук маркетинг боюнча тиешелүү мекемелер менен тыгыз иш алып барып жатат. Курорт иштери боюнча илимий консультативдүү жана методикалык жардам көрсөтүп, илимий жактан негизделген дарылоонун комплексттүү ыкмаларын физиотерапия, фитотерапия, дене тарбиясы аркылуу дарылоо , суу менен дарылоо, ийне менен дарылоо жолдору аркылуу айкалыштырат.

Институтта 80 илимий кызматкерлер, врачтар иш алып барат. Медицина илимдеринин көптөгөн докторлору, кандидаттары эмгектенет. Институт ишке киргенден бери алтымыштай адам диссертациясын жактаган. Дүйнөдө жаңылануулар болуп, жаңы технологияларды өздөштүрүп жатканда, Курортология боюнча институт «Өз казаныбызда кайнап» отуруп калган жок. Институтта эл аралык деңгээлдеги иш-чаралар өтүп жатса, кызматкерлер да Россия, Германия, Кытай сыяктуу мамлекеттерге барышып иш-тажырыйба алмаштырып келишет. Жаш кадрларды даярдоо өтө керектүү милдет. Себеби муундардын байланышын үзбөө керек. Жаштардын квалификациясын жогорулатып жатат.

Азыр институт толугу менен заманбап компьютештирилген, мурункудай эсепке алынбай дарылангандар жок, ар бир койка боюнча ким келди, ким кетти маалыматтар компьютер аркылуу келип турат. Азыр 500дөй дарылануучу бар, жылына миңдеген адам дарыланып кетет. Дарылануучулардын 66 пайызы жеңилдиктерди пайдаланышат, 34 пайызы акча төлөп дарыланышып ошолордун эсебинен кызматкерлерибиздин айлыгын, соцфонд, салык, тамак-аш, дары-дармекке акча каражаты бөлүнүп турат. Институтта көптөгөн илимий –конференциялар өтүп турат. Эл аралык конференцияларга катышып, курортология илими боюнча талуулуу маселелерди кабыргасынан коюп келатат. Курортология илими боюнча көптөгөн конкреттүү максаттарды иштеп чыкты.

 

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 30, 2018 10:27

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина