Тарыхта өчпөс из калтырышкан Москва районунун айымдары

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 10:44

Тарыхта өчпөс из калтырышкан Москва районунун айымдары

7 8-март – эл аралык айымдар күнүн утурлай Москва районунда айымдарды даңазалаган “Женщины Московского района” (“Москва районунун айымдары”) аттуу китептин 3-бөлүгү жарыкка чыкты. Анын автору Москва райондук “Айыл жаңылыгы” жана “Сельская новь” гезиттеринин башкы редактору Г. Убакеева. Айта кетсек, мындан эки жыл мурда аталган китептин биринчи жана экинчи бөлүктөрү чыккан. Ал китептерде Москва районунда жашап, иштеп жана эмгектенип жатышкан 100 чыгаан айымдардын өмүр баяндары көркөмдөлүп берилген. Китептин үчүнчү бөлүмүндө элүүгө жакын аялдардын эмгектери жазылган. Бул китептерге бир гана жетекчи-айымдардын ийгиликтери жазылбастан, бардык тармактарда эмгектенип жатышкан мактоого татыктуу айымдардын өмүр баяндары кенен берилген. Алардын катарында көп баланын энеси болушкан, баатыр энелердин, өмүрүн балдарды тарбиялоого арнашкан билим берүү тармагынын кызматкерлеринин, саламаттыкты сактоодо өмүр бою иштеп келе жатышкан дарыгер аялдардын, бизнес чөйрөсүндө мыкты жетишкендиктерге ээ боло алышкан айымдардын, муниципалдык кызматта тынбай иштеп мактоого арзышкан кызматкер айымдардын, коомдук ишмер, колунан көөрү төгүлгөн уз айымдардын жана башка көптөгөн башкаларга үлгү болоорлук  бардык курактагы айымдардын ийгиликтери менен тааныша аласыздар. Китептер Москва районундагы бардык мектептердеги, айылдардагы жана райондук китепканаларга бекер таратылды. Ошондой эле бардык мекеме башчыларына жана айыл өкмөт башчыларына да эсетеликке таратылды.

Кошумчалай кетсек, “Женщины Московского района” аттуу энциклопедиялык томдордун негизги максаты – көп учурларда көмүскөдө калып жаткан айымдардын жетишкендиктерин белгилөө, алардын ийликтерин жалпы Москва районунун элине тааныштыруу жана ал ийгиликтерге жетишүүнүн аркасында кандай түйшүктөр жаткандыгын жана бардык кыйынчылыктарга чыдап, татыктуу эне, жар, коомдук ишмер, кызматчы, эл керегине жараган дарыгер, мугалим, же мекен сакчысы болуп  кызмат кылып жатышкан айымдарды даңазалоо.

Гүлмира КОЖОГЕЛДИЕВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 13, 2020 10:44

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина