Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 12:16

Тарых жана Ата-бабаларды эскерүү күндөрүнө карата

16 Тарыхжанаата-бабаларды эскерүү күндөрү Кыргызстанда 2017-жылы пайда болгон.  Октябрь революциясы күнү- 7-ноябрь Тарых күнү депаталып, 8-ноябрь Ата-бабаларды эскерүү күнү деп белгиленген.

2017-жылдын 22-ноябрында Тарых күнү жана Бабаларды эскерүү күнү расмий майрам болуп калды. Ушул мезгилге чейин, Кыргыз Республикасы Улуу Октябрь социалисттик революция күнүн расмий белгилеген КМШ өлкөлөрүнүн ичинен жалгыз өлкө болуп келген, бирок эч кандай даңазалуу жүрүштөр жана параддар болгон эмес.

2016-жылы Кыргызстан 1916-жылдагы кыргыздардын улуттук-боштондук көтөрүлүшүнүн 100 жылдыгын белгиледи. Булдатага карата Кыргыз Республикасында 1916-жылдагы көтөрүлүштүн курмандыктарына арналган эстелик ачылды. Ар кандай маалыматтар боюнча, 1916-жылдагы окуяларда 60 миң адам жапа чеккен. Айрым кыргыздар Кытайга орус падышасынын зулумдугунан жашырынууга аргасыз болушкан. Өз жеринен качууга аргасыз болгон кыргыз элиөзжерине самодержавие кулагандан кийин гана кайтып келген.

Жайыл районунда  жаштар  улуу муундун айткандары боюнча  кыргыз элинин Улуу  үркүн  мезгилиндеги трагедиялуу окуялары жөнүндө билишет. Жайылдыктардын көптөгөн үй-бүлөлөрү империялык зулумдун курмандыгы болушкан. Кыргыздар 1916-жылдагы трагедия жөнүндөсоциализм мезгилинде үй-бүлөгө коркунуч алып келбөө үчүн, шыбырап сүйлөшүп келген.

2016-жылдын 15-октябрында Жайыл районунун Кызыл-Дыйкан айылында 1916-жылдагы кандуу окуяга арналган эстелик тургузулган. Кызыл-Дыйкан айылынын активисттери тарабынан кагылышуу болгон жерде мемориалды куруу демилгесин айыл тургундары колдошту. Эстеликти тургузууга 500 миң сом сарпталган.

1916-жылы Кызыл-Дыйкан айылынын Багашан уруусунан 143 адам мыкаачылык менен өлтүрүлүп, 90 аял жесир калган, көптөгөн кичинекей балдар атасыз  калышкан.

Үркүн мезгили кыргыз тарыхындагы эң оор, кандуу мезгил. Кыйн кезеңде кыргыздар боштондук, эркиндик үчүн жанын аяган эмес. Бул күндөр илимпоздор тарабынан дагы да болсо толугу менен изилдене элек.

Акылбек МУКТАР

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 11, 2020 12:16

Приемная кампания 2020

Элдик медицина