Тарых музейинине байланыштуу дагы бир кылмыш иши козголду

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2018 15:43

Тарых музейинине байланыштуу дагы бир кылмыш иши козголду

3 Бишкектеги Улуттук тарых музейин  оңдоп-түзөөдөгү мыйзам бузууларга байланыштуу Башкы прокуратура кылмыш-ишин козгоду. Анда имараттын ремонтуна жана керектүү жабдык алууга бөлүнгөн каражат «мыйзамсыз колдонулган» деген кине коюлган.

Маалыматта айтылгандай, Тарых музейинин айланасындагы чырга байланыштуу, «тендерди өткөрүү тартибин бузуу», «Кыргызстандын кызыкчылыгына каршы келген келишим түзүү», «кызматынан кыянаттык менен пайдалануу», «бюджеттик каражатты мыйзамсыз коротуу» беренелери боюнча иш козголгон.

Башкы көзөмөл органынын маалыматында, Тарых музейин оңдоп-түзөөдө айрым Кыргызстан аймагында бар болгон материалдар атайылап сырттан алынган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2018 15:43

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина