Тарых музейине алынган 100 миң сомдук отургучту жергиликтүү ишканалар 3 миң сомго жасайт

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2018 07:11

Тарых музейине алынган 100 миң сомдук отургучту жергиликтүү ишканалар 3 миң сомго жасайт

5Тарых  музейине алынган эмеректердин баасы жарыялангандан бери, атамкендик өндүрүштө чыккан продукцияга көңүл бурула баштады. Себеби бул окуядан кийин борбор калаадагы ишкерлер ушул эле эмеректерди кыйла арзан  жана сапаттуу жасоого боло турганын айтып чыгышкан.

Тарых музейине алган эмеректер боюнча депутаттардын берген маалыматын карасак:

-Бир отургучтун баасы эле 100 миң сом;

-Фойе үчүн эмерек, касса жана музей дүкөнү — 271 миң 968 евро;

— Гардероб үчүн эмерек — 142 миң 560 евро;

— Кафенин кире беришине алынган эмерек — 224 миң 56 евро; -деп көрсөтүлгөн.

Бул сандар коомчулукка жарыялангандан бери айтылган сындар токтобой келе жатат. Мындан улам биз дагы Германиядан алынып келинген жана Кыргызстанда чыккан эмеректердин баасына кызыгып көрдүк. Бүгүнкү күнү Кыргызстанга Орусияны кошпогондо көбүн эсе Германия, Польша, Италия, Эстония, Дания, Литва сындуу өлкөлөрдүн эмеректери алынып келинет. Бул мамлекеттерден алынып келинген эмеректер эң баалуу жана сапаттуу деп саналат. Аларды саткан айрым дүкөндөрдүн сайттарына баш баксак, 3 миң доллардан 30 миң долларга чейин же сом менен 204 миңден 2 млн сомго чейин деп көрсөтүлгөн. Айрым учурда арзандатуулар менен 100 миң сомго чейин бааланганы бар.

Бирок ушундай эле сапаттагы эмеректерди Кыргызстанда кыйла арзан жасоого боло турганын атамекендик өндүрүүчүлөр айтып чыкты. Эмерек цехин иштеткен Замир Айылчиев 100 миң сомго бааланган отургучту 3 миң сомго, ал эми 224 миң 56 еврого бааланган жумшак эмеректи миң долларга же 68 миң сомго жасоого болот деп төмөндөгүлөргө токтолду.

—Европада же Америкада жасалган эмеректерди Кыргызстанда деле жасоого болот. Атамкендик өндүрүүчүлөр сапатка өзгөчө көңүл бурабыз. Тескерисинче биздин продукцияны башка өлкөгө сатсак, ошолор бааламак. Анткени өзүбүздүн Ала-Тоодон алынган жыгач, карагайлардан же жаңгактан жасалган эмеректер пайдалуу жыттарды чыгарат.

Мындан улам эгер өкмөт тараптан эмеректерди жасоого буюртма түшсө, түркүктөрдү мамлекетке кошкон салым ирээтинде бекер жасап бермекмин дейт ишкер.

Башка ишкер Курманбек Турдубеков ошол эле продукция евро же дүйнөлүк стандарттартарга толук шайкеш келээрин бегилейт. Себеби эмеректер импорттолуп келген материалдардан куралат. Ошондуктан кардардын талабына жана каалоосуна жараша баардык үлгү жана сапатта чыгат.

—Кыргызстандан бир продукция баштан аяк чыкпайт. Эмеректин буроолору Кытайдан же Орусиядан келет. Жыгач дагы башка өлкөдөн. Материал Түркиядан алынат. Ошондуктан биз дагы өкмөт айтып жаткан евростандартты чыгара алабыз. Кудуретибиз жетет.

Ал эми эл кайсы өлкөнүн эмеректерин арбын пайдаланып жатат? Жана сапаты боюнча эмне дешет…

—Мен чет өлкөнүн эмеректерин колдонуп көргөн эмесмин. Европаныкын байлар эле албаса.. Мага өзүбүздүкү эле жагат;

-Биздин балдар эмеректерди абдан сонун жасашат;

-Мен буга чейин эмеректерди Италиядан сатып алчумун. Азыр бара бара Кыргызстандыкына өтүп баратам. Анткени Кыргызстандан чыккан эмеректердин дизайндары жакшырып калды;

Кыргызстанда 200дүн тегерегинде эмерек чыгарган ишкана бар. Бул жайларда кардардын талабына жараша эмеректер чыгып келет.

Эскерте кетсек, 25-майда Жогорку Кеңештеги «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча көчмө жыйынга келишкен. Анда музейди реконструкциялоодо коррупциялык иштердин бар экенин депутаттар айтып коомчулукка жарыялашкан.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2018 07:11

Парламент

Элдик медицина