Тарых мугалими Кыргызстандын тарыхын таблица түрүндө китеп кылып чыгарды

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 13:38

Тарых мугалими Кыргызстандын тарыхын таблица түрүндө китеп кылып чыгарды

?????????? Жакында Москва районунун тургуну жана тарых мугалими Урмат Калеев Кыргызстандын тарыхын таблица жана схемалар түрүндө жазып 3 томдон турган “История Кыргызстана в таблицах и схемах” деп аталган  китеп кылып чыгарды. Китептер мектеп окуучуларынын жогорку класстарына методикалык жардам катарында сунушталууда. Учурда Урмат Калеев Кара-Балта шаарындагы №5 орто мектебинде мугалим болуп эмгектенет.

“Азыр жаштар тарых сабагына кызыгуусу начарлап бара жатат. Же интернет оюндары жана социалдык тармактарга кызыгуу күчгөндүктөндбү, айтор, бул бойдон кала берсе таптакыр дөдөй болуп чо¢оюшаары бышык.Ал эми биз өз тарыхыбызды сөзсүз биле жүрүшүбүз керек. Тарыхы жок эл болбойт, өлкө болбойт. Ошондуктан балдарга тарых сабагынынын маалыматтарын же¢ил эстеп калуусун өстүрүү үчүн сабакты схема жана таблица түрүндө үч жылдын ичинде Кыргызстан тарыхын жазып чыктым”, — дейт автор.

Китепти 2012-жылда баштап, 2015-жылда жазып бүткөн со¢, Кыргызтан улуттук илимдер академиясынын илимпоздору ке¢ешме өткөрүшүп мектеп окуучуларына сунуштоого болот деп, колдоого алышкан. Ал эми китептерди чыгарууга ОсОО “Адал Азык”, ТМ “Тойбосс” компаниясы жардам көрсөткөн. Китептердин жалпы нускасы 1500 даана.

Андан тышкары Урмат Калеев “Тентек” чыгармачыл компаниясы менен биргеликте былтыр “Манас” эпосунунун негизинде балдарга арналган мультипликациялык фильмдерди жараткан. Калеевдин айтымында мультфильмдер Ютуб каналына жүктөлгөн жана аз убакыттын ичинде 40 ми¢ көрүүчүчүлөрдүн купулуна толгон. Айта кетмекчи мультфильм орус тилинде чыгарылган жана  эпосту орус тилине жазуучу Мар Бажиев которуп берген.

Гүлмира Убакеева

Jeenalieva
By Jeenalieva Декабрь 28, 2020 13:38

Приемная кампания 2020

Элдик медицина