Тартынба, өзүңдү сына! «Билимкана» жана олимпиада

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 11:48

Тартынба, өзүңдү сына! «Билимкана» жана олимпиада

17 Бул жолу «Билимкана» фондунун өкүлдөрү Ормонбек Турсуматов атындагы Бер-Булак орто мектебинде болушту. Алар ушул мектепте өткөрүп жаткан Аламүдүн районунун мектеп директорлорунун семинарында фонд жүргүзгөн иштер жөнүндө маалымат беришти.

“Билимкана” фонду  Кыргызстанда 4-11-класстардын окуучулары менен “Менин Кыргызстаным” аталышындагы олимпиадаларды өткөрүүнү салтка айланткан. Быйыл олимпиаданын райондук этабы 10-мартка чейин, облустук деңгээлде болсо 20-марттан 20-апрелге чейин өткөрүлөт. Ал эми улуттук этапты өткөрүү 27-28-апрелге белгиленген. Олимпиада сынактарына математика, физика, химия, тарых, кыргыз адабияты жана география сабактары боюнча суроолор киргизилген.

Аталган фонд Кыргызстан боюнча үлгүлүү, өзгөчөлүү мектептерди түзүү жагынан  жакшы ийгиликтерге жетишүүдө. Азыр Бишкекте 3 мектеп, региондордо 11 мектеп иштейт. Билимдүү окуучуларды даярдоо  башкы максат болуп калган “Билимкана” фондусун билимдүүлүгү, кесипкөйлүгү, бийик максаттарга умтулгандыгы менен көрүнгөн, Кыргызстан үчүн чындап күйгөн эмгекчил жана намыскөй жигитибиз Төлөндү Тойчубаев уюштурган.

“Билимкана”  фондунун Бишкектеги мектебинин директору Татьяна Пак окуучулардын билим деңгээлин арттыра турган быйылкы олимпиада жөнүндө айтып берди. Татьяна Петровна ошондой эле  бул мезгилге чейин жүргүзүлгөн иштерге да токтолду.

Буга чейин өткөрүлгөн эки олимпиадага катышууда Чүй облусу боюнча жигердүүлүк анча байкалган эмес. Катышуучулардын санынын аздыгы ойлонтпой койбойт. Буга салыштырмалуу алыскы облустардын жана Бишкек шаарынын мектептеринин окуучулары абдан эле арбын катышышкан. Олимпиада чоң кызыгууларды жаратып жатканы кубантат.

Кызыктуу бул олимпиадага катышуунун тартиби эң жөнөкөй. Буга каалаган окуучулардын баары катыша алышат. Жеңүүчүлөргө сыйлыктар жана белектер берилет. Эң негизгиси,  окуучулардын терең билим алууга болгон кызыгууларын арттыруу. Мындай иш-чаралар окуучулардын билимин жана окуу жайларга өтүүгө даярдыгын текшерүүгө жана “Билимкана” фонду менен байланышта болууга мүмкүнчүлүк берет.

Окуучулардын жана ата-энелердин көңүлүнө сала турган нерсе, олимпиадага байланыштуу бардык маселелер боюнча “Билимкана” фондусунун кызматкери Чыңгыз Өскөновго (0707-24 77 55), ошондой эле маалымат берүүчүлөргө (0770- 11 00 19, 0502-11 00 30) кайрылуу менен толук маалымат алууга болот.

Республикадагы бардык мектептердин окуучулары, тартынбагыла, чечкиндүү болгула! Бул олимпиадага катышууга силердин ар бириңердин мүмкүнчүлүгүңөр бар. Оңтойлуу учурду пайдалануу менен өзүңөр үчүн көп жаңылык алып,  жаңы досторду таба аласыңар.

Курманбек РАМАТОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 11:48

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина