ТАРБИЯ БАШАТЫ – БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 5, 2019 15:42

ТАРБИЯ БАШАТЫ – БАЛА БАКЧАДАН БАШТАЛАТ

10 2019-жылдын 30-августунда Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнүн 28 жылдыгына карата Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айыл аймагында 75 орундуу заманбап “Жеткинчек” бала бакчасынын ачылыш аземи болуп өттү. Салтанаттуу ачылыш аземине Кыргыз Республикасынын Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары Элкинбек Аширбаев, Сокулук райондук мамлекеттик администрациянын башчысынын орун басары Токтобүбү Ракимбаева жана айыл өкмөт башчыларынын, айылдык кеңештин депутаттарынын, айыл тургундарынын катышышты. Жакшылыкка тилек кылып келгендердин ичинен Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн жетекчилери жана Аманкан Кенжебаев,  айыл аксакалы Садирдин Төралиев, ата-энелердин атынан Нургүл Наскеева куттуктоо сөздөрүн сүйлөп, бала бакча жамаатын жана бөбөктөрдү жаңы бала бакчалуу болушу менен куттукташты.

Жаңы бала бакча Военно-Антоновка айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен ачылган. Бул айылда бир гана мамлекеттик бала бакча бар  болгондуктан жергиликтүү тургундар балдарын жеке бала бакчаларга берип келишкен. Жаңы ачылган “Жеткинчек” бала бакчасынын ачылышы Военно-Антоновка айылынын жашоочулары үчүн абдан чоң жаңылык болуп, кичинекей бөбөктөрүбүздүн сүйүнгөндөрүндө чек жок. Себеби, көптөн бери жаңы бала бакчанын ачылышын күтүп кезекке  турган балдардын саны арбып жаткандыгы жана айыл аймактагы элдин саны жылдан жылга көбөйүп, бала бакча жана мектеп маселеси кыйындап барат. Жергиликтүү калктын санынын көбөйүшү менен бала бакчага балдар батпай, атүгүл мектепте 3 мөөнөттө билим алууга туура келип жатат.

Тарбия бала бакчадан башталат дегендей, өлкөбүздөгү ар бир бала жетиштүү турмушта жашап, бала бакчага барып аң-сезимин өзгөртүп, келечекте билим алуусуна эң негизги өбөлгө болуусуна  жол ачат. Өлкөбүздүн баардык аймактары толук кандуу бала бакча менен камсыз болбосо да, акырындап аймактарда бала бакчалар салынып жаткандыгы кубандырат. Бала бакча – бул энеге болгон чоң жардам деп айтылгандай эле энелердин жашоосуна балдарынын бала бакчада тарбияланышы, ал жактан үйрөнгөн билимдери баланын билимдүү болуп чоңоюшуна түрткү болот.

Б.УЛАНБЕКОВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 5, 2019 15:42

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина