Таласта жаш жубайынын өлүмүнө шектүү адам кармалды

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 24, 2018 21:33

Таласта жаш жубайынын өлүмүнө шектүү адам кармалды

13 Таласта жаш келинди өлтүрдү деп айтылып жаткан шектүү адам кармалды.

23-сентябрда Талас шаарынын Манас көчөсүндөгү көп кабаттуу үйлөрдүн биринде 25 жаштагы келин бычакталган. Каргашалуу окуя боюнча «Адам өлтүрүү» беренеси менен кылмыш иши козголду.

Күбөлөрдүн айтымында, анын өлүмүнө күйөөсү шектелип жатат. Бирок жергиликтүү милиция бул маалыматты тастыктаган да, четке каккан да жок. Себеби маркум акыркы кезде жолдошу менен таарынышып жүргөн. Алардын ортосунда үч баласы бар экени айтылууда.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 24, 2018 21:33

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина