“ТАЛАНТ ТАМЫРЫ — ЭЛДЕ” кароо-сынагы башталды

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 8, 2019 10:08

“ТАЛАНТ ТАМЫРЫ — ЭЛДЕ” кароо-сынагы башталды

8 Таланттуу айылдар таймашы

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековдун 2019-жылды “Региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы” деп жарыялоо жөнүндөгү Жарлыгынын негизинде Сокулук районунун Военно-Антоновка айыл аймагындагы «Рассвет» клубунда «Талант тамыры — элде» аттуу өнөрлүү жаштар кароо сынагы болуп өттү. Бул сынактын максаты жалпы жаштарды колдоо менен бирге элет жергесиндегижаш улан-кыздардын маданиятын көтөрүү жана  эл арасында көмүскөдө жүргөн таланттарды аныктоо, артүрдүү өнөргө жакын айылдын жаштарынын иш-аракеттерин өсүп келе жаткан муундарга үлгүү катары көрсөтүүболуп саналат.

“Талант тамыры — элде” кароо сынагы Сокулук районунун 19 айыл аймагы арасында эки айлампада өткөрүлмөкчү.  Сынакта 18 жаштан 35 жашка чейинки улан-кыздар  өз өнөрлөрүн тартуулашып, өз айылдарынын намысы үчүн ат салышууга киришишти. Кыргыздын кылым карыткан каада-салтын катуу кармап, учурда шаар жаштары унутуп бара жаткан ашкана өзгөчөлүктөрү болгон эт тууроо жана камыр жууруп кесме кесүү боюнча мелдеш болду. Бул мелдеш сынагы өткөн жумада Военно-Антоновка жана Күн-Туу айылдарынын жаштары арасында болуп өттү.  Сынакта жигиттер колго эт туурап, кыз-келиндер камыр жууруп кесме кесишти. Мындай өзгөчөлүү кароо-сынак алгачкы жолу айылдар арасында уюштурулуп жаткандыктан көпчүлүктүн көңүлүн бурду десек жаңылышпайбыз. Мындан сырткары, ыр-бий, улуттук аспаптарда ойноо жана башка тапшырмаларды аткаруучуларколдорунан келишинче жакшы аткарып, өз өнөрлөрүн тартуулашты. Бул сынактын катышуучулары башка кесип ээлеринен болушса да, катылып келген таланттын деми менен аны шаңга бөлөп, кароо-сынакты жогорку деңгээлде жыйынтыкташты.

Бул иш-чаранын жыйынтыгында эң мыкты деп табылган аткаруучулардын жана жеңүүчү топтордун катышуусунда гала-концерт өткөрүлүп, Сокулук райондук мамлекеттик администрациясынын атынан сыйлыктар жана Ардак грамоталар менен сыйланышмакчы.

Элет жергесинде жаштарга руханий, маданий колдоо иретинде сергек  жашоого шарт түзүү, таланттуу жаштарды даңазалоо жана заманбап табылгаларды жайылтуу, улутубуздун унутта калып бара жаткан элдик фольклордук жанрдагы чыгармаларын жандандыруу жана жаштарды мекенин сүйүүгө атуулдук ар-намысын ойготууга чакыруу максатында айыл аймактар арасында “Талант тамыры — элде» кароо-сынагы жүрүүдө.

Кыргыз эли эзелтен түпкүрүн терең ойлоп, келечек муундарга өзгөчө маани берип, маданий тарбиялык үлгү жолун көрсөтүп келген. Жаштар — биздин келечегибиз, алардын жаркын жашоосуна кам көрүү заман талабы. Улуттун улуулугун улап, жаштар биздин мамлекетибиздин өнүгүү жолунда билимдин, илгери үмүттүн өбөлгөсү экени белгилүү.

 

Б.Жусупахматова

Jeenalieva
By Jeenalieva Май 8, 2019 10:08

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина