Таксисти ур-токмокко алгандар

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 13:19

Таксисти ур-токмокко алгандар

152019-жылдын 8-март күнү түнкүсүн денесинен алган жаракаттары менен Токмок шаардык ооруканага бир жаран келип түшкөндүгү  тууралуу Токмок шаарынын ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүгүнө маалымат келип түшкөн.

Бул окуя боюнча териштирүү иштерин жүргүзүү учурунда төмөндөгүлөр аныкталган. 7-март күнү такси кызматында иштеген Ч.В. болжол менен саат 22:30 чамасында кардарлар тарабынан телефон чалуу болгон. Токмок шаарынын Зеленая көчөсүнө келген учурда аны үч кардар күтүп турган. Алар менен жол акысын такташтырып жаткан учурда ортодо түшүнбөстүк жаралып, унаага отура элек кардарлардын бири таксинин айдоочусун ур-токмокко алып кирген.  Денесине жаракат келтирип, андан кийин айдоочуну арткы орундукка олтургузуп, өзү автоунааны айдап белгисиз тарапка жөнөгөн. Жолдо баратып мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, автоунаанын айдоочусу унаадан түшүп качып кетүүгө үлгүргөн.Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Токмок шаарынын ИИБнүн кызматкерлери тарабынан сотко чейинки өндүрүш иштери колго алынган.

Жүргүзүлгөн иш-чаралардын негизинде 2019-жылдын 8-март күнү жогорудагы кылмышка шектүү Токмок шаарынын жашоочусу 1984-жылы туулган О.Э. аттуу жаран кармалып, Токмок шаарынын ИИБнүн убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.

2019-жылдын 10-март күнү Токмок шаарынын ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан шектүү жарандын иши боюнча  Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (Адамды уурдоо), 206-берене (Автотранспорт каражаттарын уурдоо) жана 266-берене (Хулиганчылык) боюнча квалификациялоо тууралуу жана шектүүнүн баш коргоо чарасын Бишкек шаарындагы №1 тергөө абагына камакка алуу боюнча өтүнүч келтирилген. Токмок шаардык соту келтирилген өтүнүч мыйзамдуу деп таап, баш коргоо чарасы өзгөртүлүп, зарыл болгон экспертизалар дайындалган.Учурда тергөө кызматы тарабынан ар тараптуу териштирүү иштери жүргүзүлүүдө.

                                                                                                              Данияр ШАБДАНОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 13:19

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина