Т.Сарпашев Талас облусунун жетекчилерине биометрикалык маалыматтарды тездетүүгө милдеттендирди

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 27, 2015 08:04

Т.Сарпашев Талас облусунун жетекчилерине биометрикалык маалыматтарды тездетүүгө милдеттендирди

25 27 июль, Бишкек. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев Талас облусуна атайын иш сапары менен барып, аймак жетекчилери менен жыйын өткөрдү. Анда биометрикалык маалыматтарды калктын канча пайызы тапшыргандыгы туурасында акимдер отчет берди.

Облус боюнча биометрикалык маалыматтарды топтоодо Кара-Буура району жакшы жыйынтык көрсөткөн. Бул райондо калктын 95% биометрикалык маалыматы жыйналган. Ал эми Манас районунда 12 миң 893 адам биометрикалык маалымат тапшырган. Талас районунда 25 миң 629 адам өтүп бүткөн. Талас шаары боюнча калктын 75% маалымат чогултулган.

Бул көрсөткүч башка райондорго салыштырмалуу төмөнүрөөк. Тайырбек Сарпашев район жетекчилерине кыска мөөнөт ичинде ишти алдыга жылдыруу тапшырмасын койду.

 

Салтанат Жакыпова, “Азияпресс”

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 27, 2015 08:04

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина