Т.Сариев: “Кыргызстанда терроризмге жана диний радикалдашууга жол бербешибиз керек”

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 28, 2015 14:52

Т.Сариев: “Кыргызстанда терроризмге жана  диний радикалдашууга жол бербешибиз керек”

4 28 июль, Бишкек. Премьер-министр Темир Сариевдин төрагалыгы алдында өлкөдөгү диний кырдаал жана коопсуздук маселелерине арналган жумушчу жыйын өттү. Жыйынга коопсуздук боюнча вице-премьер-министр, укук коргоо жана коопсуздук органдарынын, Президенттин алдындагы дин иштери боюнча комиссиясынын жетекчилери, Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын муфтийи катышты.

Жыйынды ачып жатып, Премьер-министр Темир Сариев үстүбүздөгү жылдын 16-июлунда террордук топтун мүчөлөрүнүн Бишкек шаарындагы аракети Кыргызстандагы терроризмге жана диний радикализмге каршы күрөш, коопсуздук, диний агартуу маселелерине кайрадан карап чыгып, бул жаатта ишти күчөтүүнү талап кылганын билдирди.

“Буга чеийн диний радикализмдин коркунучтары бизден алыстагыдай сезилсе, учурда бизге чакырык катары чыгып, өлкө коопсуздугуна коркунуч туудура баштады. Буга интернетте тарап жаткан ар кыл тасмалар мисал боло алат.

Ошондуктан, мамлекеттик бардык органдар, коомчулук бул коркунучка каршы туруп, биргеликте күрөшүүбү абзел”-деди Темир Сариев.

Муну менен катар Премьер-министр салттуу исламдын баалуулуктарын кармануу жана кыргыз элинин салт-санаа, үрп-адаттарына жат болгон көрүнүштөрдү динге жамынып таңуулоо аракетине каршы туруу зарылчылыгын белгиледи.

Жыйын жүрүшүндө тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери өлкөдөгү диний кырдаал жана коопсуздук боюнча маалымат беришти.

Жыйын соңунда Кыргыз Республикасынын өкмөтү, Президенттин алдындагы дин иштери боюнча комиссиясы, укук коргоо органдары жана Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгын муфтияты биргеликте жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү, укук коргоо органдарына экстремисттик жана террористтик багыттагы күчтөргө каршы күрөштү күчөтүү жана жазаларды катаалдантуу, мечиттерди курууда мамлекеттик каттоого алууну иретке келтирүү тапшырмасы берилди.

Нурзада Акмат, “Азияпресс”

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 28, 2015 14:52

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина