Түрк мамлекеттеринин саммити жана башкалар

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 13, 2018 14:43

Түрк мамлекеттеринин саммити жана башкалар

1 Түрк мамлекеттеринин саммити

Нобель сыйлыгынын лауреаты Михаил Шолоховдун «Тынч дон» деген 4 китептен турган тарыхый эпопеясы бар. Ошол жерден Григорий Пантелеевдин  ата-тегин сүрүп отуруп  анын атасы орусташып кетип, түркчө чала – моңол билип калды, андан мурдагылар түрк тилинде сүйлөшчү деген жери бар. Булар дондук казак-орустар, болжол менен казак-орустардын түпкү теги Батый ханды ээрчип Россияга барышкан түрк элинин тукуму болсо керек. «Вокруг света» деген журналда түрк калкы чачыранды болуп жүрүп, бири-биринен тил жагынан да алыстап кетишкен, эгер бирдиктүү мамлекет болгондо  бир тилдин айланасына чогулат беле деп жазат. Жакында чогулган түрк мамлекеттеринин саммиттине башка жыйындардан айырмасы Өзбекстандын президенти Шафкат Мирзияев менен Венгриянын премьер-министри катышты. 2016-жылы дал көчмөндөр оюну болуп жатканда Ислам Каримовдун көзү өткөн. Ал түрк мамлекеттеринин саммитин элес албаса керек. Эми Түркмөнстандын президенти Гурбангали Бердымухамедов калды. Венгрияда болсо кыпчактар сүрүлүп барган, алардын да түрк мамлекеттеринин саммитине катышып жатканы жакшы жөрөлгө.

Артыкчылыгы:

90-жылдары Түркиянын президенти Сулейман Демирель келип: «Бизде 60 миллион кыргыз жашайт» деп сүйүндүрүп кеткен. Түркия элинде мындай макал бар: «Казак боорум, өзбек тагам, кыргыз бабам»  деген. Түркия кыргыздардын байыркылыгын тааныйт.

Кемчилиги:

Бул уюмга түрк тилдүү мамлекеттер толугу менен кире элек. Россиянын курамындагы Татарстан, Башкорстан, Крым, Якутия, Хакас сыяктуу автоном республикалар көп болгондуктан Россиянын деле өнөктөш болуп туруусу жакшы болмок.

 

СССР

СССР жоюлганы Кыргызстан эгемендүүлүккө жетип, бир топ уюмдарга мүчө болгон. «Эркин республикалар бекем союзу…» деп, СССРдин гимни ушундай башталар эле. 1917-жылы Улуу Октябрь Социалисттик революциясы болуп, 1922-жылы декабрь айында СССР түзүлөт. 1936-жылы декабрдагы Сталиндик Конституция 11 союздук республиканы тааныйт. Ал эми 1939-жылы СССР менен Германия  Польшаны бөлүп алып,  он беш союздук республика түзүлөт. СССР, Батыш айткандай «Империя зла», 1991-жылы декабрь айында тарыхка билинбей сиңип кеткен. Беловеж токоюнда соснаны бойлошкон  Ельцин, Шушкевич, Кравчук үчөө декабрь айында СССРди жок кылган.

Артыкчылыгы:

СССР дүйнөдөгү эң зор мамлекет болгон  жана ага ааламдын жарымы баш ийип турган.

Кемчилиги:

СССРди партиялык абсолюттук монархия башкарган. СССРдин жол  башчысы өлмөйүн башкара берчү.

 

КМШ

СССРдин убагында карапайым адам банан сатып ала алчу эмес. Банан СССР тараган соң дүкөндөргө жык-жыйма толду.1991-жылы 17-мартта СССРди бөлбөйбүз деп көпчүлүк добуш берет. Ал эми 20-августта эркин республикалар эгемендүүлүккө кол коюшмак. Бирок 19-августта Форосто эс алып жаткан Михаил Горбачев кармалып, бийликти ГКЧП басып алат. ГКЧП жеңилген соң республикалар өз алдынча кетип, он беш эгемендүү мамлекет түзүлөт. Балтика боюндагы мамлекеттер тизгинин тарттырбай түз эле Евросоюзга кирип кетишет. Калгандары КМШга баш кошот, кийин Владимир Путин айтып жатпайбы: «СССРди эстебегендердин жүрөгү жок, СССРди кайтарып келем дегендердин мээси жок»  деп. КПССти сүйгөндөр КМШны тоюз, ким бийликте болсо ошонун партиясын сүйүп келатат.

Артыкчылыгы:

Жоктон көрө жогору.

Кемчилиги:

КМШда бирдиктүү бийлик системасы жок, ошол үчүн кээ бир мамлекеттер чукчуңдаша кетишет.

 

 

ЕврАзЭС

Роза гүлү ажайып кооз жана кармайын десең тикенектүү. ЕврАзЭС да бир жагынан шилекей агызып турат, бир жагынан  тикенектүү. ХVIII кылымда эле  чүйлүк Атаке баатыр Санкт-Петербургга Екатерина II ге дипломатиялык элчи жиберген. Чүйлүк Байтик баатыр Кокон ханынын Бишкектеги чебин чаап, Россияга кайрылат. 1863 –жылы Кыргызстан Россиянын курамына кошулат. Чүйлүк Шабдан  Алай ханышасы Курманжан датка менен жолугуп, түштүк эли каны жок Россияга кошулат. Кыргыз атчандары 1812-жылы эле Напалеондон орустар жеңилип баратканда жардамга келген. Ал эми 1941-жылы өжөрлөнүп Гитлердин бир танкына бир кыргыз чыккан. Кыргызстан эгемендүүлүктү алгандан бери Россия менен экономикалык жактан тыгыз байланышта. Биздин мыкты уул-кыздарыбыз Россия мамлекетинде иштешип, миллиардаган сом киреше түшүп турат. Биз кийин ачылган Кытайдын көпчүлүгү антисанитардык товарына караганда Россия, Казакстандын товарларын көп пайдаланабыз. Глобалдаштыруу заманында  тандоо деген оор кыйынчылыкка туш келдик. Океандан алыс, оор географиялык аймакта жашап жатып, «Алыскы туугандан, жакынкы кошуна» дегендей, эгерде биз «баурдасыбыз» Казакстан менен улуу Россияны тандабасак карышкырлар арасындагы козуга айланмакпыз. Мамлекет түзүүнү эңсеген Ормонхан айлана-тегерегине көз чаптырып, Россия менен бир болууну ойлогон. Бүгүн да Кыргызстанга көз арткандар көп.

 

Артыкчылыгы:

Бир учурда СССРди эт, жүн, тери менен багып жатабыз, СССР тараса жыргайбыз дечүбүз. СССР тарады, биз көрсө чийки зат саткан мамлекет экенбиз. Баягы койлорубуз жоголуп шүмүрөйдүк. Азыр Кыргызстандын экономикасына Россия чоң салым кошуп жатат. Угушубузча Россиянын жаштары, күч органдары  Бажы Союзга кирбеген мамлекеттердин жаранына, ачык эле кысым жасай баштады. Миллиондогон кыргызстандыктар Бажы Союзунда жашап жатышат. Биз Бажы Союзга кирип, көп жеңилдиктерди алып жатабыз. Алар «бычактын мизинде» жашашса да  биздин мамлекетте жашаган үй-бүлөсүн материалдык жактан камсыз кылып жатат. «Хоргостун» күч алышынан улам«Дордойдо»  токсон миң жарандын жана «Кара-Суу» базарында Кытайдан келген товарлар сээлдеп калды. Бирок ошол Кытайдын «чүпүрөктөрүн» сатып ала турган Россия, Казакстан чек арасын бекитип салышса деле кыйынчылык түзүлмөк.

Кемчилиги:

Кыргызстан өзү айыл чарбалуу өлкө. Бажы Союзга кошулуп экологиялык жактан таза кыргыз айыл чарба продуктулары ЕврАзЭСке кете баштады.Ушул жерден бийлик катуу киришпесе, айыл чарба продуктуларын өндүргөндөр запкы жеп калышат. Дыйкандар өз продуктуларын өндүрөт, сатып ошону менен күн көрөт. Бирок ал кимге сатат?  Ортомчуга, ортомчу баасын көбөйтүп  дагы бир ортомчу алып сатарга сатат. Эмнеге наркы көбөйөт? Ал ортомчу машинанын ээсине, майына жана башка чыгымдарга төлөйт, бул мыйзам ченемдүү. Мына ушул жерде алардын мойнуна кылмышкерлер, ар кайсы байлар минип алышат, аларга салык төлөш үчүн продуктуну кымбат сатышат. Запкы жегендер баягы эле карапайым эл. Алар базардан кымбат продуктуларды алышат, ал эми өндүргөндөр деле жыргап кеткен жок. Алар өздөрүнө майда, өтпөй калган продуктуларды алып калышат, башка товарларды базардан алганы барышса кымбат.  Ошондуктан  айрыкча күз маалында мамлекет дыйкандардан татыктуу сатып ала турган жайларды уюштуруп, жармаңке сыяктуу  дыйкан түз аларманга сата турган жайларды түзүшү керек. Болбосо, Бажы Союзга кирип нарк көтөрүлгөнү менен көпчүлүккө эмне пайда? Баары бир базар баасы көтөрүлүп, ортодо ортомчулар гана байып  жатышпайбы.

 

ШКУ

Лотос

Лотосту кытайлыктар абдан баркташат. Кескелдириктер кадырларын билбейм. «Кес куйругуңду, кес»  дешип 1991-жылы Борбордук Азияны славяндар бөлүп салган. Ошондо Борбордук Азия биригишип, бир мамлекет түзүү тууралуу кеп болгон, бирок өз алдынча кетишкен. Түркмөнстанда газ, нефти чыгып «камчы салдырбай» кетти. «Газпромду» газы менен багып жаткан да Түркмөнстан. Азыр Иран – Түркмөнстан – Казакстан темир жолу курулду. Буларың Батышты көздөй «оюн салып» кетпесин деп  Ашгабатка катуу каптай баштады. Нуракебиз да аркандын учун ыргытып турат. Деги энергияга бай Түркмөнстанга көз арткандар көп. Ал эми Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан Россия менен Кытай сыяктуу зор державалар менен биригип, 1996-жылы  «Шанхай бешилигин» түзөт. СССР тараганга чейин эле мурун согуштук чыр-чатактарга чейин чырлашып турган Кытай менен мамиле оңоло баштаган. СССР тарар менен Борбордук Азиядагы энергиялык запастар АКШ сыяктуу ааламга бийлигин орноткусу келген мамлекеттин көзүн кычыштыра баштаган. Муну сезген Россия бул аймактагы өз таасирин сактап калыш үчүн  Бээжин менен бириге баштайт. 2001-жылы бул уюмга Өзбекстан кошулуп, «Шанхай алтылыгына» же Шанхай кызматташтык уюмуна айланат. Азыр Афганистан, Индия, Пакистан, Монголия, Иран сыяктуу лөк-мамлекеттер кошулабыз дешип жулунуп турушса  Белорус,  Түркия, Шри Ланка «шире шаг» деп  ШКУ дегенде жалпаганынан жата кала баштады.

 

Артыкчылыгы:

Россия НАТО сыяктуу зор уюмга тете, керек болсо зор стратегиялык уюм түзгүсү келет.

Кемчилиги:

ШКУну Кытай «Шенген визасын» жүргүзгөн Евросоюздай кенен экономикалык уюм катары эсептегиси келет. Эгер Кытайдын оюна койсок, чек араны ачып, кытайлыктарга зор аймакты тез эле каптатып жиберчүдөйбүз.

 

Евросоюз

1951-жылы Парижде түзүлгөн экономикалык уюм, кийин 28 европалык мамлекетти бириктирген, евро деген валютасы бар, европарламент сыяктуу бир топ уюмдары бар союзга айланган. Грецияда экономикалык жактан кырдаал курчуп турат, бирок булар дүйнөлүк саясатка аралашып, өз капчыгынан акча бөлүп жүрүшөт. Биздин Адил атабыз (Атилла) байыркы заманда Рим империясын кулатканын эстей кетиштиби, же Евросоюздун мүчөсү Францияны Бородинодо орус аскери менен биригип таш-талканын чыгарганын эстеп кетиштиби  эптеп келечекте  парламенттик шайлоого 10 миллион евро беребиз дешип эреркеп турушат.

 

Артыкчылыгы:

Биз бул уюмга түз мүчө эмеспиз, бирок көз кырыбызды салып турабыз. Глобалдаштыруу заманында өлкөлөрдүн бириккени жакшы.

Кемчилиги:

Евросоюзда үч келишим бар 1985-жылы паспортторду жөнгө салган «Шенген келишими», Маастрих келишими боюнча Евросоюз 1992-жылы түзүлгөн, 1999-жылы евро кирген. Бул үчөөнө каалаган мамлекет кирет, каалабаган кирбейт. Улуу Британиялар еврого киришкен эмес. Швейцария, Лихнштейн, Норвегия деги эле Евросоюзга кирбей коюшкан. Ал эми «Шенген визасында» деле бир топ мамлекет жок.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 13, 2018 14:43

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина