Түндүк региону боюнча өрткө каршы даярдыктар көрүлүүдө

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 17, 2015 09:24

Түндүк региону боюнча өрткө каршы даярдыктар көрүлүүдө

     8 17 июнь, Бишкек. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу курчап турган чойрону коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги.

Мамлекеттик токой фондусунун жерлеринде өрт коопсуздугу учурунда өрттөн сактоо жана аны болтурбоонун алдын алуу максатында, 2015-жылдын 29-май күнү түндүк региону боюнча Фрунзе токой чарбасынын базасында түзүлгөн өрт өчүрүүчү командалардын өрт коопсуздугуна карата даярдыгын жана өрткө каршы колдонуучу шаймандарды кем карчтарын толуктоо максатында, Чуй облусундагы токой чарбалардын өрткө каршы түзүлгөн мобилдик командаларынын катышуусу менен атайын окуу жана өрт өчүрүү боюнча машыгуу иштери өткөрүлдү.

Машыгууда 50 адам өрткө каршы шаймандары менен катышып, атайын өрт өчүрүүчү ГАЗ-66 жана өрткө каршы түзүлгөн мобилдик командаларга бекитилген Камаз жана УАЗ автомашиналары пайдаланылды.

Эсен Нурмамбетов, “Азияпресс”

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 17, 2015 09:24

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина