Түндүк электрде он ай ичинде 6 млрд. сом чогултулду

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 11:41

Түндүк электрде он ай ичинде 6 млрд. сом чогултулду

Без названия 17 ноябрь, Бишкек. “Түндүк электр” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 2017-жылдын он айынын ичинде 4,57 млрд. кВт.саат электр энергия келип түштү, бул 2016-жылдын ушул эле мезгилине  салыштырмалуу 387 млн. кВт. саатка көбүрөөк.

“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн мезгилге болгон товардык продукциясы 5,8 млрд. сомду түзүп, анын 6 млрд. сому (102,9 %) чогултулган.

Он айдын жыйынтыгы боюнча электр энергиянын жалпы жоготуулары 12,42 % түзүп, бул 2016-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 1,1 % аз, болду.

Өткөн мезгилде көрсөтүлгөн сумманын эсебинен төлөм чогултуу калк арасында 106,1 %, өндүрүштүк объектилер – 100,6 %, бюджеттик уюмдар – 99,9 %, айыл чарба объектилер –99,1 %, жана башка керектөөчүлөр – 99,8 % аткарылды.

Бөлүштүрүү компания тейлеген  аймактарда төлөм чогултуу он ай боюнча борбор калаабызда төлөм чогултуу 101,6 %, Чүй облусунда – 103,9 %, Талас облусунда – 106,8 % аткарылды.

 

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 11:41

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина