“Түндүк электр” кызматкерлери эл аралык мелдешете үчүнчү орунду багынтышты

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 22, 2017 11:08

“Түндүк электр” кызматкерлери эл аралык мелдешете үчүнчү орунду багынтышты

FB_IMG_1505499232406 22-сентябрь, Бишкек. Пенза шаарындагы (Орусия) «Пензаэнергонун» окуу-машыгуу полигонунда КМШ өлкөлөрүнүн катышуучуларынын арасында 0,4-10 кВ бөлүштүрүү тармактарды оңдоо жана тейлөө боюнча XIV эл аралык мелдеши соңуна чыкты. Эске салсак, мелдешке Россиянын, Грузиянын, Кыргызстан, Беларусь, Казакстан, Өзбекстан Республикаларынын командалары катышкан. Кыргыз Республикасынын атынан «Северэлектро» ААКнын командасы чыкты.

11-сентябрда старт алган мелдештин уюштуруучулары катары КМШнын электр энергетикалык кеңешинин аткаруучу комитети жана тосуп алуучу жактагы компания «Россети» акционердик коому чыкты. Биринчи жолу эл аралык мелдештин уюштуруу иштерине Россия Федерациясынын энергетика министрлиги катышты. Жалпысынан командалар 8 этаптан өтүштү, анын ичинде электр тогуна кабылган жабырлануучуну бошотуу, 10 кВ дефекттүү изоляторду алмаштыруу, турак жайды иштеп турган аба электр чубалгысынан электр камсыздоого кошуу, комплекстүү трансформатордогу өрттү өчүрүү жана башкалар.

Ошондой эле катышуучу командалар «АСОП-Эксперт» программалык комплексин колдонуу менен учурдагы нормативдүү-техникалык документтер боюнча билимин текшерүү этабын өтүштү. Кыргызстандыктар теоретикалык жактан даярдануу деңгээлин жакшы көргөзө алышты. Компьютердик текшерүүдөн команда мүчөлөрү 192 балл алышып, 215 балл алган Орусиянын командасынан кийинки орунда турушту. Мелдештин ар бир этабына чечимдерди баарлашып, консолидация жолу менен чыгаруу максатында үч мүчөдөн турган калыс топтору бекитилген. Айта кетчү нерсе, «Северэлектро» ААКнын өндүрүш-техникалык бөлүмүнүн жетекчиси Урман Джумакматов курамында болгон 4-этаптын калыс тобу мыкты деп табылды.

Мелдештин жыйынтыгы менен Кыргыз Республикасынын командасы («Северэлектро» ААК) 1476 балл менен үчүнчү орунду ээледи. Беларусь Республикасынын командасына (1622 балл) экинчи орун ыйгарылып, Россия Федерациясынын командасы (1720 балл) биринчи деп табылды.

Мелдештин башкы калысы Евгений Грабчактын айтуусунда мындай иш-чаралар өндүрүш кызматкерлеринин гана профессионалдуулук деңгээлин жана анын жаңы технологияларды өздөштүрүүгө даярдыгын көрсөтпөстөн, ар башка өлкөлөрдүн энергетиктер арасындагы тажрыйба алмашуусуна, өнөктөштүк жана достук мамилесин чыңдоого түрткү болот.

“Түндүк электр” ААК басма сөз кызматы   

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 22, 2017 11:08

Парламент

Элдик медицина