«Түндүк электр» ААКда оңдоо иш-чаралары бүткөрүлүүдө

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 29, 2017 10:44

«Түндүк электр» ААКда оңдоо иш-чаралары бүткөрүлүүдө

жыйынтык 29 сентябрь, Бишкек. 2017-жылдын 8 айынын ичинде «Түндүк электр» ААКнын электр энергия жабдууларын оңдоо иштери 140,4 млн. сомго же 144% аткарылган. Чүй, Талас жана Бишкек шаарынын райондук электр тармактарында: 35 кВ чыңалуусундагы 168 чакырымга жакын жогорку вольттуу аба чубалгылары, 10/6-0,4 кВ чыңалуусундагы 1589 чакырым аба чубалгылары, 35/6-10 кВ чыңалуусундагы 33 жогорку вольттуу трансформатордук көмөк чордон, 10/6-0,4 кВ чыңалуусундагы 1050 трансформатордук көмөк чордон, 10/6-0,4 кВ чыңалуусундагы 103 чакырым кабель чубалгылары оңдолгон.

Жоготууларды төмөндөтүү жана керектөөчүлөрдүн электр камсыздоосунун ишенимдүүлүгүн жогорулатуу үчүн «Түндүк электр» ААК боюнча 1321 чакырымдан ашуун 0,4-6-10 кВ аба электр чубалгыларынын бойлорун тал-теректердин бутактарынан тазаланып, кыркылып, 0,4-6-10 кВ чыңалуусундагы зымдардын 71 чакырымга жакыны өткөрүмдүүлүгү чоңуна алмаштырылып, 53 ашыкча жүктөм жана 6 аз жүктөм менен иштеген майлуу трансформаторлор алмаштырылган.

Быйылкы жылдын сегиз айына болгон капиталдык салымдын көлөмү 266,2 млн.сомду түздү. Ал каражатка “Түндүк электр” ААК боюнча 38 кошумча трансформатордук көмөк чордондор орнотулуп, 0,4-10 кВ чыңалуусундагы 21,9 чакырым кабель жана 74,7 чакырым аба чубалгылары  реконструкцияланып, 17 921 эсепке алуу приборлору алмаштырылган. Борбор калаабызда жыл башынан тарта 51 чакырымдан ашуун 0,4 кВ аба чубалгылары өзүн өзү изоляциялаган зымдарга (СИП) алмаштырылган.

Аткарылган жумуштардын жыйынтыгында “Түндүк электр” бөлүштүрүү тармактарындагы авариялар 2016-жылга салыштырмалуу 13 % төмөндөгөн. Жалпы жоготуулардын көлөмү 12,51 % түздү.

“Түндүк электр” ААК эскертет, оңдоо иштери жүргүзүлгөн маалда керектөөчүлөрдүн электр энергиясы убактылуу өчүрүлөт. Оңдоо иштеринин графиги алдына ала жергиликтүү өз алдынча  башкаруу органдарына жөнөтүлүүдө.

Электр энергиянын пландаштырылган өчүрүүлөрү бөлүштүрүү компаниянын severelectro.kg сайтында, социалдык тармактарындагы баракчасында www.facebook.com/ОАО-Северэлектро, Sputnik.kg, knews.kg, 24.kg маалымат агенттиктеринин сайттарында жана diesel.elcat.kg шаардык интернет-форумунда  («Организации» → «Северэлектро» → «Новости» рубрикасында) чыгарылат.  Электр энергиянын пландаштырылган өчүрүүлөрү тууралуу маалыматты  КТРКнын Биринчи радиосунун (104,1) жана  «Марал» радиосунун (88,5) жаңылыктар бөлүгүнөн уга аласыздар.

 

2017-жылдын биринчи сентябрына карата “Түндүк электр” ААК абоненттеринин керектелген электр энергияга болгон дебитордук карызы 447 млн. сомду түздү. Сегиз айдын ичинде “Түндүк электр” ААК абоненттери дебитордук карыздарын 305,2 млн. сомго же 40,6 % төмөндөттү.

Ал эми төлөм чогултуу боюнча айта кетсек, 2017-жылдын сегиз айынын ичинде “Түндүк электр” ААКнын бөлүштүрүү тармагына 3,8 млрд. кВт.саат электр энергия келип түштү, бул 2016-жылдын ушул эле мезгилине  салыштырмалуу 400 млн. кВт.саатка көбүрөөк.

“Түндүк электр” бөлүштүрүүчү компаниянын өткөн мезгилге болгон товардык продукциясы 4,9 млрд. сомду түзүп, анын 5,2 млрд. сому (106 %) чогултулган.

Сегиз айдын жыйынтыгы боюнча электр энергиянын жалпы жоготуулары 12,5 % түздү, бул 2016-жылдын деңгээлине салыштырмалуу 0,2 % аз.

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 29, 2017 10:44

Парламент

Элдик медицина