“Түндүк электр” ААК 0,4 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоону улантууда

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 10:51

“Түндүк электр” ААК 0,4 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоону улантууда

IMG_2361 17 ноябрь, Бишкек. “Түндүк электр” ААК өзүн изоляциялаган зымдарды колдонуу менен 0,4 кВ аба чубалгыларын реконструкциялоо иштерин улантууда. Акционердик коом боюнча 2017-жылдын 10-ноябрына карата 232 чакырым, анын ичинен Бишкек шаарында- 137  Чүй облусунда 77 Талас облусунда 17,5 чакырым 0,4 кВ аба чубалгылары реконструкцияланган.

Учурда 0,4 кВ зымдарын өзүн изоляциялаган зымдарга алмаштыруу иштери борбор калаабыздагы Энесай, Келечек конуштарында, Садырбаев, Гагарин, Түлөбердиев, Можайский, Профессор Зима, Исанов, Кудрук, Куренкеев көчөлөрүнүн участокторунда; Аламүдүн районуна караштуу Арчалы, Байгельди айылдарында, Сокулук районундагы Сокулук айылында, Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылында, ошондой эле Кара-Балта шаарындагы Луговая, Кошелев, Кожомбердиев, Окружная, Степная, Ломоносов көчөлөрүнүн участокторунда жүрүүдө. Ушул эле жумуштар Талас облусунун борбору Талас шаарында да аткарылууда.

Бөлүштүрүү тармактарды жаңылоо боюнча иштердин жүрүшүндө эски жыгач тирөөчтөрү жаңы темир бетон тирөөчтөрүнө алмаштырылууда. Жалпысынан быйылкы жылы “Түндүк электр” ААК боюнча 0,4 кВ аба чубалгыларынын 3883 тирөөчтөрү алмаштырылды.

Эске салсак өзүн изоляциялаган зымдар кичине салмакта болот жана  кардын жабышып, тоңуп калуусуна туруктуу, катуу шамалдын тирөөчкө болгон таасирин төмөндөтөт. Өзүн изоляциялаган зымдын артыкчылыктарынын санына оңдоодогу жөнөкөйлүгү, чыңалуу алдында иштөө мүмкүнчүлүгү, коопсуздуу тейлөө кирет.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 17, 2017 10:51

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина