Төмөнкү Ала-Арчада 2700 окуучусу бар мектептин кошумча имараты курулуп жатат

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 25, 2020 11:11

Төмөнкү Ала-Арчада 2700 окуучусу бар мектептин кошумча имараты курулуп жатат

7Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Төмөнкү Ала-Арча айылындагы мектептин кошумча имараты курулуп жатат. Бул тууралуу аймактык кабарчыга билим берүү бөлүмүнөн билдиришти.

Маалым болгондой, имараттын сметалык баасы 95 млн 751 миң 524 сомду түзгөн.

Учурда мектепте 2700 окуучу 3 кезек менен окушат. Жылдан жылга окуучулардын саны көбөйүп, мектепке батпай бараткандыктан кошумча имарат куруу зарылчылыгы келип чыккан. Имарат коррупция менен күрөшүүдөн түшкөн акчанын эсебинен курулуп жатат. Анын тендердик баасы 76 млн 375 миң 973 сом болгон. Учурда биринчи кабаттын дубалы курулуп жатат.

Мектептин кошумча имараты 2021-жылдын башында толугу менен курулуп бүтөт.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 25, 2020 11:11

Приемная кампания 2020

Элдик медицина