Төгөрөктүн төрт бурчунда

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 27, 2017 11:27

Төгөрөктүн төрт бурчунда

1 Бийликте: Кубанычбек КУЛМАТОВ

«Аккан арыктан суу агат» деп кыргыздар бекеринен айтпаган чыгаар. Бүгүнкү күндүн каарманы катары биздин редакция  Кубанычбек Кулматовду айтмакчыбыз. Кесиби боюнча медик болгонуна карабай, Кубанычбек Кеңешович экономиканы, саясатты семичкедей чагып, саналуу гана убакыттын ичинде анын фигурасы эл алдында «аттын кашкасындай» таанымал болгондугун ачык айтып коюшубуз керек.

Анткени, азыр бийлик тепкичине өзүн — өзү жарнама аркылуу өйдөлөтүп бараткан кээ бир саясатчыларга караганда, Кубанычбек мырза эл үчүн өз эмгегин аябай, элге кызмат кылууда. Биз жогоруда айткандай, бул саясатчынын ата-энеси Кыргызстандын тарыхында өз орду бар адамдар экендигин дагы бир жолу айткыбыз келет. Себеби, Кеңеш Кулматов Кыргызстан КП БКнын секретары болуп турганда «биринчи» Усубалиевден кысым  көрсөтүп, көралбагандык кыла бергендиктен, Москва өзүнө тартып кеткен. Албетте, мындай кадрларды ал учурдагы КПСС БКнын жетекчилери ордун кызганып, бут тосо баштаганда өздөрүнө чакыртып алчу. Ушундай мисалдарга И.Раззаковду дагы алсак болот.

Ал эми,  Кубанычбек Кеңешовичтин энеси Сакен Кыдыралиева Михаил Горбачев менен курсташ катары Кыргыз мамлекетине көп жакшылыктарды жасаган адамдардын катарында, чоң тамга менен белгилей кетсек болот. Ушундай адамдардын уулу Кубанычбек Кулматовдон мамлекет үчүн дагы айтаарлык кызматтарды кылат деген ишенимдебиз.

Парламентте: Коррупция

«Зоот алсаң тамакка, тоок алсаң камакка» -деген ачуу сөз мурунку бийликтин убагынан  бери лакап болуп калгандай. Коррупцияга каршы күрөшкө беш жыл толуп баратат. Не деген «громкий» чуулгандуу иштер катталбады. Парламент депутаты Музаффар Исаковду текшерүүдө да ал Сузак районунун Таш — Булак айыл өкмөтүн башкарып турганда «Кылгылыкты кылып, кыл жип менен бууптур». «Кыргыз байыса аял алат, өзбек байыса там салат» — дей турган илгери. Музаффар Исаков илгеркилердин жолун жолдоп 2010-2015 -жылдар аралыгында жалпы аянты 14,34 гектар айыл чарбасы пайдаланчу жерди үй салууга марттыгы кармап 1,5 — 3  миң доллардан берип жибериптир. Мындай колу ачык март депутатка коррупцияга каршы кылмыш иши козголду. Ушундай алкымын тыя албаган жемкорлордун айында эл арасында азыркы парламент мүчөлөрү тууралуу терс пикирлер пайда болууда.

Оппозицияда: Адахан МАДУМАРОВ

Жаз келсе эле аңкыштап суурлар чыга калат. Мадумаровко жаз нечен ирет келди, бирок өзүнүн сөзүнө өзү тескери иш жасаганы жасаган. Ал Абдыганы Эркебаевдин «кол баласы» болуп жүрүп, саясатка аралашкан. Акаевге асылып: «Мен элим үчүн араба чегилген ат болом, каруум казык болот.Бийликке келсем тазалыкты көрсөтөм»  — деген жалындуу сөздөрдү айткан жаш кезде. Мадумаров бийликке келди, 2005-жылы Бакиевди колдоп, вице — премьер болуп турганда кримтөбөл Рыспек Акматбаевдин тоюна барып, стакан кагышканга жарады. Мамлекеттик катчы болду, Манаска асылып жүрүп, ал кызматты да жоготту. Спикер болуп туруп парламенттен 2008 — жылы Казакстанга Каркыраны, Токмоктун жанындагы жерди, Таластагы чек ара аймактагы участокторду берүүнү мыйзамдаштырды.

Ойлоп көрсөк Адахан Мадумаров эли үчүн кагылган казык, араба тарткан ат  боло алган жок. Балким бакиевдикти дагы эле эңсеп жаткандыр? Эмнеси болсо египеттин мумиелорундай зыңкыйып жүрүп, эңсегени президенттик экен.  Көрүнгөн партияга жабышып жүрүп, акылына кирсе керек, эми президент болсом Бакиевди алып келем деп жулунуп калыптыр. Жок дегенде, “мени ким шайлайт”-деген суроого жооп издеп көрдү бекен?

Аймактарда: Насос станциялары

Жаз келатат көп эле сүйлөй бербей иштеш да керек. Учурда өзгөчө кырдаалдар министрлигинде иш кызуу жүрө баштагандай. Анткени, жазга даярдык көрүү иштери эбак эле башталган. Азыр парламентте да жазгы талаа иштери кызуу талкууланып жатат. Токтогул районунда Үч -Теректе үч керек насос станциялары бар. Былтыркы жылы селдин азабынан  бул жерде, жергиликтүү бийлик канчалык тырышып күчүн коротпосун айылдыктардын күчү жетпей жаткандай, ошондуктан насос станцияларын тез аранын ичинде айыл чарба министрлигинин балансына өткөзүү бүгүнкү күндүн учур талабы. «Жаз жарыш, күз күрөш» дейт, биз жазында бийлик үчүн карапайым калктын башын айландырбай, элибиздин кененчиликте жашашы үчүн элет жеринде жарышка түшсөк жакшы болмок.

Чет элде: Дональд ТРАМП

Бизче айтканда Дональд Трамп али күчүнө кире элек. Жакында эле ыйгарымдуу президентттикке киришкен Доникең АКШга кирүүгө ислам дининдегилерди оордоштурду. Буга каршы чыккан Юстиция министрин жалпайтып салды. Эми анын улуттук коопсуздук боюнча жардамчысы Майкл Флинн «блин» болду. Себеби, ал чечек Орусиянын АКШдагы элчиси Сергей Кисляк менен»кислякташып» коюптур. Ант ургур анысын бийликтен жашырып койсо керек. Дональд Трамп жөн жатпай алардын сөзүн тыңшаткан экен, ошондуктан президенттик кызматка кирип, санкция боюнча чечим алгыча эч ким шайтан менен да сүйлөшпөш керек деген шылтоо менен аны шыпырып салды. Филинн «блин» жашыруун сырларды ачпаса да, тоңкочук атып кызматына орной элек жатып учуп кетти.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 27, 2017 11:27

Парламент

Элдик медицина