Сырттан келген автоунааларды сыноодон өткөрө турган лаборатория ачылат

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 17, 2017 11:33

Сырттан келген автоунааларды сыноодон өткөрө турган лаборатория ачылат

istock_00000 17 февраль, Бишкек. Сырттан келген автоунааларды сыноодон өткөрө турган лаборатория бир ай аралыгында Бишкек шаарында ачылат. Ошондо республика аймагына Евразиялык экономикалык биримдикке мүчө эмес өлкөлөрдөн алынып келинген автоунааларды каттоодо көйгөй жаралбай турганын Экономика министрлигинин адистери эске салышат.

Учурда сырттан келген авто унаалар убактылуу каттоодон өткөрүлүп, номур берилүүдө. Жергебизге сырттан келген унаалардын саны  жылдан жылга кыскарып барат. Мамлекеттик бажы кызматынын маалыматына караганда  өлкөгө 2014-жылы 106770 автоунаа, 2015-жылы 2282 автоунаа киргизилсе, 2016-жылы 200 гана унаа алынып келинген.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 17, 2017 11:33

Парламент

Элдик медицина