Сыдыкул уулу Сейиткулдун элесине арналган көк бөрү мелдеши

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 24, 2019 10:57

Сыдыкул уулу Сейиткулдун элесине арналган көк бөрү мелдеши

12 Советтик аскерлердин Ооганстандан чыгарылгандыгынын  30 жылдыгынын урматына карата Байтик айылында ооган согушунда каза болгон, Баш Кара-Суу айылынын тургуну Сыдыкул уулу Сейиткулдун элесине арналып көк бөрү боюнча турнир өткөрүлдү. Бул турнирдин демилгечиси, милициянын отставкадагы полковниги Качкынбай Рысбекович АСАНОВ  менен ат жалында маек курдук.

- Качкынбай мырза, бул турнир мектеп окуучулар арасында өткөрүлүп жатышынын себеби эмнеде?

— Көк бөрү боюнча турнирде Арчалы, Баш Кара-Суу, Байтик, Кашка-Суу айылдарында жашашкан, окуучу балдардан турган 8 команда катышышты. Буга чейин деле футбол боюнча турнирлер мектеп окуучулар арасында өткөрүлүп келген. Себеби окуучулар арасында сергек образ турмушун камсыз кылуу үчүн спорттун ар түрдүү, улуттук оюндарга басым жасап, аларды келечекке болгон ишенимине шыктандырып жатабыз.

- Көк бөрү боюнча турнирге каражатты ким каржылады?

 - Бул турнирди өткөрүү максаты — ооган согушунда каза болгондорго куран окутуп жана эл-жерге аман-эсен кайтып келген жоокерлердин эрдиктерин эскерип, даңазалап, кийинки жаш муундар билсин деп каражатты өзүмдүн чөнтөгүмдөн 20 миң сом чыгардым.  Себеби мен өзүм дагы ооганчы интернационал жоокер болгондуктан окуучуларды мекенди сүйүүгө, патриоттуулукка тарбиялоодо ушундай спорттун улуттук түрлөрү боюнча турнирлерди өткөрүүнү демилгелеп,  өткөрүүнү салтка айланткам.

- Жеңүүчүлөргө кандай байгелер коюлду?

 - Жалпы турнирдин катышуучулары байгесиз калган жок. Биринчи орунду алган команда 5 миң сом, экинчи орунду ээлеген команда 3 миң сом, ал эми үчүнчү  орунду ээлеген команда 2 миң сом менен сыйланышса, калган катышуучуларга да ар бирине 1000 сомдон сыйлык катары берилди. Айтмакчы, мында келген ооганчы-жоокерлер да 5 миң сом өлчөмүндөгү сыйлыгын окуучуларга  алып келип беришти. Ошондой эле биринчи орунду алгандарга жана мыкты оюнчуга Аламүдүн райондук мамлекеттик  администрациясынын грамотасы  тапшырылды.

 

                                                                                                                 Данияр ШАБДАНОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 24, 2019 10:57

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина