Суунун көлөмүн көзөмөлдөөчү датчиктер орнотулду

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 11:23

Суунун көлөмүн көзөмөлдөөчү датчиктер орнотулду

13 Суунун да сурагы бар дегендей, дыйкандар үчүн ар бир тамчы сууну убагында жеткирип, Чүй боорундагы дыйкандардын баарына текши караган Чүй мамлекеттик бассейндик суу чарба башкармалыгы бар. Бул башкармалыкта жыл өткөн сайын дасыккан атайын адистердин саны азайып баратканы кейиштүү. Мындай абалдан чыгып ишти алга жылдыруу максатында эми сууларга көзөмөлдөөчү датчиктер коюлуп, суунун ар бир кубу так эсептелинип келүүдө. Бул боюнча карапайым элге  кенен маалымат берүү максатында башкармалыктын жетекчиси Руслан Девяткулов кенен маек курдук.

- Руслан Жакшылыкович, 2018-жыл сиздерге эмнеси менен эсте калды?

— Албетте ар бир жылдын эсте калчу көз ирмемдери бар. Өткөн 2018-жылы Чүй облусунун суу чарбачылыгы тармагында ийгиликтүү да, кыйынчылыктуу да күндөрдү тартуулады. Кызылча аянты мурдагы жылдын деңгээлинде болгону менен жүгөрү 5000 гектарга көбүрөөк себилди. Ошого байланыштуу сугарууда дыйкандар арасында суу аябай тартыш болду. Суу жетпей калгандан улам дыйкандар арасында түшүнбөстүктөр жаралды. Мындай учурда биздин кызматкерлер барып дыйкандарга иштин чоо-жайын түшүндүрүү менен кезекте турушуп убагында суу менен камсыз кылышты. Быйылкы жылы жемиштүү десем болот, дыйкандар суу акынын 98 пайыз төлөштү. Чүй облусу боюнча суунун акысы үчүн 31 млн. сомчогулду. Алты-жети жыл мурун миллионгон карыз кийинки жылга өтүп кете берчүбүз.  Бул да болсо жакшы көрсөткүч.

-Талаш-тартыштар жаралды деп калдыңыз, суунун көлөмү жылдагыдан да аз болдубу, же?..

—  Жок суу жылдагы эле көлөмдө берилди. Болгону жүгөрү аянты 5000 гектарга көп болуп калды. Ар бир өсүмдүктүн сугаруу учуру болот. Дыйкандардын басымдуу бөлүгү бир учурда айдоо аянттарын сугарып калышканда суу келген каналга өлчөнүп келген суу жетпей калды. Дыйкандар кайсы өсүмдүктү өстүрөрдөн мурун суунун көлөмү  менен каналдын көлөмүнө жараша өсүмдүк айдоого аракет кылышса дейт элек. Мисалы, каналга бир куб суу батса, андан ашык кантип беребиз. Ал эми дыйкандык эккен  өсүмдүгү бир жарым кубдук сууну талап кылса албетте толук сугарылбай кургакчылыкка тушугат. Мындан сырткары, ар бир өсүмдүктүн сугарар маалы ар башка болот, кызылча, жүгөрү жана сояны бир учурда сугарат, ал эми жашылча-жемиштер бир учурда суу ичет. Коңшулаш  дыйкандар  талааны иштетерде биргелешип иш алып барса суу учурунда келип кургакчылык да талаш-тартыш да жаралбайт эле.

- Эскилиги жетип калган каналдардын кайсы бөлүктөрүн сиздер карап оңдоп-түзөө иштерин кыласыздар?

— Чарба аралык жана район аралык каналдар биздин көзөмөлдө. Ал эми ички каналдар айыл өкмөттөрүнүн жана суу пайдалануучулар ассоциациясынын карамагынды болот. Ал эми алардын өзүнүн бухгалтери, мураптары, төрагасы болот. Алар дыйкандар менен тыгыз байланышта иштешет. Сугат бүткөндө айыл өкмөтүнүн же ашар жолунда болобу өздөрүнө тиешелүү  каналдарды оңдошот. Ал эми аралык чоң каналдарды биз текшерип, дефектный акт түзүп ошонун негизинде кайсы жерди кандай оңдоо керектигине жараша заявка беребиз. Бизге бюджеттен каражат бөлүнөт, жазга чейин ошонун негизинде оңдоо иштери жүргүзүлөт. Буюрса 20-апрелге чейин чарбалык каналдар даяр болот.

- Адистер жетишпейт деп келесиздер, учурда канча адис эмгектенет?

— Чындыгында бизде жыл өткөн сайын адистештирилген  кызматкерлердин саны азайып бара жатат. Аз айлыкка жаштар келишпейт. Суу  көзөмөлдөөчү кызматкерлерибиз, ал эми дыйкандардын тили менен айтканда мураптарыбыздын айлыгы бүгүнкү күндө беш миң  сом эле болот. Облус боюнча 1100 мурабыбыз бар. Мындай абалда болсок төрт-беш жылдан кийин бизде кадр жетишпей калышы толук мүмкүн. Эми жумушка орношкондордун арасынан биздин жумушка берилип иштеп калгандар бар, алардын кесиби боюнча бизге таптакыр туура келбейт, бирок экинчи билимди алып адистештирилип жатышат. Буга чейин бир учурда экинчи билим алган кызматкерлерибиздин контрагын төлөп берчүбүз. Азыр андан жеңилдиктер жок.

- Санарип жылына карата чоң кадамдарды кылып жатыптырсыздар…

— Региондорду өнүктүрүү жана санарип жылына карата бизде да чоң көрсөткүчтөр бар. Беш жылдан бери Швецарлык өнүгүү агенттигинин жардамы аркылуу суунун агымын көзөмөлдөөчү датчик коюлду. Мурункудай сууну сатып жатат деген сөздөрдөн алыспыз. Эми биз  кызматкерлерибиздин айтуусу менен эмес компьютерге түшкөн датчиктин так билдирүүсү менен суунун агымы кандай болуп жатканын көзөмөлдөп турабыз. Мурда кээ бир кызматкерлер үйүндө жатып алып болжогон көрсөткүчтөрдү берчү. Албетте биз ошол көрсөткүчтү кабыл алчубуз. Азыр бизге андай телефон аркылуу көрсөткүчтү талап кылбайбыз. Сууну тынымсыз текшерип, машина менен текшерчү жерлердин баарын бир кабинетте отуруп билип компьютерден карап турабыз.  Эми мындай санарип көрсөткүчтөр жыл санап жогорулап ички чарба каналдарына чейин жетет деген үмүтүбүз чоң.

Дамира СААЛИЕВА

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 10, 2019 11:23

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина