Сууга түшүү жайларда кырсыктарды алдын алуу боюнча маалымат

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 21, 2018 15:32

Сууга түшүү жайларда кырсыктарды алдын алуу боюнча маалымат

10 Күндүн кескин ысышына байланыштуу жана сууга түшүү мезгилинде суудагы коопсуздукту сактоо боюнча калк арасында тиешелүү иш-чараларды жүргүзүү максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Чүй облусундагы Ыйгарым укуктуу өкүлүнүн 2016-жылдын 31-майындагы “Сууга түшүү мезгилинде Чүй облусунун аймагында жайгашкан көлмөлөрдө жана башка сууга түшүүчү жайларда бөөдө кырсыктарды алдын алуу боюнча аракеттер жөнүндө” №132 буйрумасы чыгарылып дайыма аткарууга алынган.

Аталган буйурманын негизинде, КРнын ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгы, райондук мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан Чүй облусунун аймагында жайгашкан суу объектилерине инвентаризация жүргүзүп, жыйынтыгында жалпысынан 399 суу объектиси аныкталган. Алардын 13 гана суу объектиси сууга түшүүгө уруксаты бар эс алуу жайлары болуп чыккан. Ошондой эле сууга түшүүгө уруксаты бар жерлердин куткаруучулары бардыгы, сууга түшүү жеринин чектери, куткаруу айланаларынын бардыгы жана башка тиешелүү каражаттары текшерилген.

Мындан тышкары, КРнын ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгы райондук электр тармактары менен биргеликте, суудагы өзүн өзү алып жүрүү эрежелери боюнча маалымдандыруу максатында, электр колдонуучуларынын эсеп дүмүрчөгүнүн (квитанциянын) арткы бетине аталган эреже боюнча макала басылып чыгарылып, таратуу, жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана райондук ӨК бөлүмдөрү тарабынан эскертмелерди берүү, буйурмаларды чыгаруу, жергиликтүү массалык маалымат каражаттары аркылуу суудагы эрежелер тууралуу макалаларды чыгаруу иштери жүрүүдө.

 

Райондун аталышы Эскертмелер Буйурмалар Жергиликтүү гезиттерге макала Радио билдирүү Башкалар
1 Кемин району 13 1 1
2 Ысык-Ата району 45 1 1 23 220 шт квитанция
3 Аламүдүн району 17 1 1
4 Сокулук району 20 1 1 10 55000 шт квитанция даярдалууда
5 Москва району 12 1 1
6 Панфилов району 7 1 2
7 Жайыл району 13 1 2
8 Токмок шаары 2 1 1 5000 буклет
9 Чүй району 10 1
БААРДЫГЫ 139 9 8 12 83220

 

Мындан тышкары, 2018-жылдын 12-июль күнү суудагы бөөдө кырсыктарды алдын алуу, суудагы куткаруу иштери боюнча тажрыйбаны жакшыртуу жаатында КРнын ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгы Чүй облусунун Аламүдүн районундагы Дачное айылында жайгашкан ГЭС-5 эс алуу борборунда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана тиешелүү мамлекеттик органдары менен биргеликте “Суудагы бөөдө кырсыктарды алдын алуу, куткаруу” темасында атайын тактикалык машыгуу өткөрүлдү.

Жергиликтүү калкты сууга түшүүдөгү эрежелерди сактоо боюнча маалымдандыруу максатында, жогоруда аталган иш-чаралар КТРК, СТВ, ЭлТР телеканалдары аркылуу чагылдырылды.

 

  • КТРК телеканалы – “Ала-Тоо” программасы – 10.07.2018;
  • ЭлТР телеканалы –жаңылыктар, Кабар прессконференция – 10.07.2018;
  • КТРК телеканалы – “Ала-Тоо” программасы – 12.07.2018;
  • СТВ телеканалы – жаңылыктар программасы – 13.07.2018;

 

Жергиликтүү басмаканаларда чыгарылган макалалар:

  • Чүй району – “Баласагын оттору” гезити – 29.06.2018;
  • Сокулук району – “Элдик трибуна” гезити – 13.07.2018;
  • Чүй облусу – “Эркин-Тоо” гезити – 13.07.2018;
  • Чүй облусу – “Кызыл-Туу” гезити – 13.07.2018;
  • Чүй облусу – “Чүй баяны” гезити – 13.07.2018.

 

Радиостанцияларында берилген билдирүүлөр:

 

  • “Биринчи радио” – “Күнүмдүк жаңылыктар” берүүсү 16.07.2018;
  • “Европа +” – “Күнүмдүк жаңылыктар” берүүсү – 11-12.07.2018;
  • “Кыргызстан обондору” – “Күнүмдүк жаңылыктар” берүүсү – 11-12.07.2018.

 

Суудагы бөөдө кырсыктарды алдын алуу жана куткаруу иштерине КРнын ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын күч жана каражаттары:

КРнын ӨКМнин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын Жайыл, Сокулук, Аламүдүн райондук жана Токмок шаардык ӨК бөлүмдөрүнүн штатында 23 суучул бар, алардын 14 суучулу суучулдук иши боюнча окутулган.

шаймандар: 4 даана суучул костюму, 5 даана АВМ-5 баллону, 1 даана моторлуу үйлөтмө кайык бар.

 

Аба ырайынын кескин ысышы

 

Кургак жана ысык аба ырайына байланыштуу Чүй, Талас, Ош, Жала-Абад жана Баткен облустарында аба температурасы 35 . . . 40ᴼ, тоолуу райондордо 31 . . . 36ᴼ, Суусамыр өрөөнүндө 30 . . . 35ᴼ чейин көтөрүлөт. Мындай аномалдуу ысык аба-ырайында организмдин суусуздануусунан, күн өтүп кетүүсүнөн сактануу үчүн таамай тийген күн нурунан сактануу зарыл, ошондой эле эгин талааларын көбүрөөк сугаруу зарыл.

Адистердин изидөөсү боюнча аба ырайынын кескин ысышынын кесепетинен карлардын, мөңгүлөрдүн эрүүсү күчөп, дарыяларда суунун агымы көбөйүп, суунун деңгээлинин көтөрүлүүсү күтүлөт. Ошого байланыштуу Чү облусунун аймагында жайгашкан дарыяларында көзөмөл күчөтүлүүдө.

 

 

 

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 21, 2018 15:32

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина