Суу тартыштыгы жаралбаш үчүн дыйкан чарба, талааларын сугатка даярдап жатышат

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 28, 2021 16:32

Суу тартыштыгы жаралбаш үчүн дыйкан чарба, талааларын сугатка даярдап жатышат

12 Жылдан жылга жаан-чачындын азайышы, климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу сугат суусунун тартыштыгы күтүлөөрүн тиешелүү адистер эскертишүүдө. Ушуга байланыштуу Ысык-Ата райондук суу чарба башкармалыгы сугат суусун пайдалануучуларды камсыз кылуу үчүн зарыл болгон чараларды көрүшүүдө.

Учурда башкармалык тарабынан суу каналдарын, гидрокурулуштарды оңдоо, тазалоо иштери жүргүзүлүп жатат. Башкармалык райондогу 55371 миң гектар сугат жерин өз учурунда сугат суусу менен камсыздайт.

Эрте жаздагы сугат иштери райондо март айында башталат.  Айыл чарба өсүмдүктөрүнөн мол түшүм алууда эрте жаздагы сугат иштери орчундуу орунду ээлейт. Жаз алды менен сугарылган жерлерде нымдуулук жакшы сакталат. Жазында сугарылбаган айдоо жерлеринен 30 пайызга чейинки түшүм алынбай калуу коркунучу бар, же тескерисинче жазгы сугарууда жердин нымдуулугу сакталып, түшүм 10-30 пайызга чейин жогорулайт.  Суу ресурстарын колдонуунун мурунку жылдардагы көрсөткүчүн анализдеп караганда суу тартыштыгынын келип чыгышына суу пайдалануучулардын дагы күнөөсү байкалат. Тактап айтканда эрте жаздагы сугарууну жүргүзүшпөйт. Жаан-чачынга ишенбей сугат иштерин жүргүзүү, жер алдында нымдуулукту топтоо түшүмдүн мол болушуна өбөлгө түзөөрүн жыл сайын райондук суу чарба башкармалыгы дыйкандарга, СПАларына эскертип келет. “Жети күндүк жаандан, желип өткөн суу жакшы” дегендей айыл чарба өсүмдүктөрүнүн түшүмдүүлүгүн арттырууда сугат суусунун орду чоң.

Сугат суусу менен камсыз болуу үчүн  дыйкан чарбалар аталган башкармалык менен өз учурунда келишимдерди түзүшү шарт. Суу тартыштыгы жаралбаш үчүн райондогу дыйкан чарба, СПАлар өсүмдүк талааларын өз учурунда сугатка даярдап, арыктарды тазалоо иштери жүргүзүлүшү керек.

2021-жылга карата райондук суу чарба башкармалыгы тарабынан капиталдык жана күнүмдүк оңдоп-түзөө иштеринин төмөнкүдөй мерчеми кабыл алынган:

—  Өздүк эсептен каржылоо менен  капиталдык оңдоо узактыгы 950 м. Р-12-5 каналы жана Батыш чоң чүй каналынын системасындагы Р-1-6 суу системасы  (Кочкорбаев айыл аймагы)– 3417,51 миң сом;

—  Мамлекеттик эсептен каржылоо менен капиталдык оңдоо (Люксембург айыл аймагы Р-9) – 1300 миң сом;

Өздүк эсептен каржылоо менен кезектеги оңдоо иштери:

Кең-Булуң айыл аймагында жайгашкан Р-13 суу ченөөчү курулмасы, Нурманбет  жайгашкан Р-17 жана Р-18 каналын механикалык тазалоо, Жээк айыл аймагында жайгашкан Краснореченский каналын, Милянфан айыл аймагында жайгашкан Чумыш каналын механикалык тазалоо – 793,498 миң сом.

Чарба аралык каналдарды сугат мезгилине даярдоо мерчеми:

25,65 км каналдар, 67-даана суу бөлүүчү курулмалар жана 81-даана суу ченөөчү курулмаларды оңдоо болуп баардыгы 897 миң сом.

Жалпысынан:

Мамлекеттик каражаттан – 1300 миң сом.

Өздүк эсептен – 5108,008 миң сом.

Баардыгы – 6408,008 миң сомду түзөт.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 28, 2021 16:32

Приемная кампания 2020

Элдик медицина