Суу – өлкөбүздүн киреше булагы

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 13:15

Суу – өлкөбүздүн киреше булагы

12 Дүйнө жүзүндөгү өнүккөн өлкөлөр жаратылыш байлыктарын рынок баасында сатып, товарларын экспорттоп, чоң киреше таап өздөрүн камсыз кылып келишүүдө. Мисалга алсак, арабдар өз жеринен чыккан мунайды бүт дүйнөгө сатып байып жатышат. Ал эми биздин өлкөбүз болсо эбегейсиз суу байлыгына эгедер болуп туруп аны туш тарапка бекер таратып келатат. “Жаманды коногу бийлейт” дегендей, бизде гана өз коногуна өтүгүн төргө илдирип,  жалпы элдин менчиги болгон жаратылыш байлыктарынын ээси болбой жаткандыгына зээниң кейийт.  Эгемендүүлүккө ээ болгон 28 жылдан бери канадалык алтын казган “Центера Голд” менчик компаниясы Кумтөрдүн алтынын Канадага ташып Кыргызстандын байлыгын мойсоп түгөтмөй болду. Эми кезек Жерүйгө келди. Ушундай чакырылбаган коноктор “өзүн өзү билип, өтүгүн төргө илип”, алтын кен байлыктарын казып,  кирешенин баарын өздөрүнө алып кеткени аз келгенсип, түбөлүк ордунан козголбогон мөңгүлөрдү ордунан козгоп эритип,  табигый суу байлыктарыбызды жок кылууга алып баратат. Анын кесепети келечекте экологиялык чоң катастрофага алып келери айныксыз көрүнүш. Болбосо эмне үчүн өзүбүздүн алтыныбызды эч кимге каздырбай эле табигый кен жана суу байлыктарыбызды сактап кала албайбыз?

Айтмакчы, 1992-жылы Бириккен Улуттар Уюмунун атынан Рио-де-Жанейродо болуп өткөн эл аралык конференцияда суу табигый ресурстун экосистемасындагы маанилүү бир бөлүк деп эсептелип, ал экономикалык наркка ээ деп чечилгендигин эске сала кетсек.

Дүйнөлүк практикада суу ресурстары сатып алуучуларга куб метринде өлчөнөт, андыктан чек арада атайын өлчөй турган станцияларды орнотушат. Болгария, Түркияга суусун американын 12 цент баасына сатат. Иордания болсо иче турган суу үчүн 1 куб метрине 41 цент төлөп турат. Айрым өлкөлөр муз тоолорду (айсберг) экспорт кылышат. Бангладеш дагы коңшу Индиядан суу алып пайдаланганы үчүн түшүмүнүн 25 пайызын бекер берет. Ал эми Кыргызстан болсо өз суусун коңшуларга бекер таратып жатат. Мисалы, Өзбекстан 4 млн. гектар жеринен пахтанын түшүмүнөн 5 млн. тонна, жашылча-жемиштерден 5 млн. тонна чогултуп келүүдө. Азыр Кыргызстандын суу булактарынан келген суулардын 87 пайызы 34 суу сактагычта чогултулуп, коңшу өлкөлөргө бөлүштүрүлүп берилсе, биз өзүбүзгө суунун 16 пайызын гана ички пайдаланууга жумшайбыз. Эмне үчүн коңшу өлкөлөргө сууну топтоп бекер беребиз? Суу сактагычка сууну топтоо үчүн республикабыздын бюджетинен канча каражат коройт, коңшу өлкөгө агызылган суунун чыгымын ким толуктайт? Коңшу өлкөлөр үчүн өлкөбүз чыгымга учурап жүрө береби? Ошондуктан Кыргызстан сууну бекер бере бербей, сатыктан түшкөн каражаттарды ошол суу сактагычтарды жөнгө салып турууга өтүшү керек деген эле тилек.

Данияр ШАБДАНОВ

Jeenalieva
By Jeenalieva Апрель 12, 2019 13:15

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина