Сот департаментинин кызматкерлери үчүн окутууну баштады

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 30, 2015 17:21

Сот департаментинин кызматкерлери үчүн окутууну баштады

VASY_main  30 ноябрь, Бишкек. «2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот системасын өнүктүрүү» Мамлекеттик максаттуу программаны иш жүзүнө ашыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борбору, «Укуктун үстөмдүгүнүн платформасы» Европа Биримдигинин долбоору менен биргеликте Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин аппаратынын жана сот аткаруучулар кызматынын  түзүмдөрүнүн кызматкерлерин Комплекстик окуу программасы боюнча окутууну баштады.

 

Окутууга Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу Сот департаментинин 50 сот аткаруучулары төмөнкү графикте катышат: 2015-жылдын 30-ноябрынан 4-декабрына чейин I-топ, 7-декабрынан 11-декабрына чейин II-топ. Окутуу судьялардын Окуу борборунда өтөт.

 

Семинарды куттуктоо сөздөрү менен Кыргыз Республикасынын Жогорку Сотуна караштуу судьялардын Окуу борборунун директору Жылдыз Кожокматова, Европа Биримдигинин долбоорунун жетекчиси Стефанос Кареклас, Кыргыз Республикасындагы Европа Биримдигинин долбоорунун өкүлү Никола Скарамуццо ачышты.

 

 

 

Окуу программасынын узактыгы 8 академиялык сааттан 10 окуу күнүн түзөт. Окутуунун соңунда сот аткаруучуларга тастыктамалар берилет.

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Ноябрь 30, 2015 17:21

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина