СOVID-19 илдети экинчи толкун учурдагы көзөмөлдөн көз каранды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2020 10:59

СOVID-19 илдети экинчи толкун учурдагы көзөмөлдөн көз каранды

14 Женевадагы инфекциялык оорулар боюнча эксперт, эпидемиолог Дидье Питтет COVID-19 илдети жана ага каршы күрөштөгү Швейцариянын тажрыйбасы тууралуу айтып берди.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Кардарлардын коопсуздугу боюнча кызматташтык борборунун жана Инфекциялык көзөмөл программасынын директору Дидье Питтет менен Женевада жашаган мекендешибиз Жеңишбек Эдигеев баарлашкан.

- Учурда көпчүлүк адамдар сасык тумоонун белгилери менен COVID-19ду чаташтырып жатышат. Экөөнүн эң негизги айырмачылыгы же окшоштугу эмнеде?

— Сасык тумоо менен COVID-19дун айырмасы өтө чоң, бирок экөө тең адамдарга окшош жол менен жугат: кол алышуу аркылуу жакындашып, сүйлөшүү аркылуу, жөтөлүп, чүчкүрүү жана башка жолдор менен жугат. Демек бирдей жол менен жукса да, алар асман менен жердей эки бөлөк вирус.

Сасык тумоонун мезгилдерге байланыштуу сезондору болот. Ал эми COVID-19да сезон деген жок. Ал эч бир сезонду, мезгилди карабай туруп эпидемия, пандемия түрүндө келет жана аны адамдар күрөшүп жок кылмайын кетпейт. Демек табияттын кайсы бир мезгилинде жок болуп кетет деген түшүнүк жок.

COVID-19 ушундай оору – сасык тумоого караганда көп эсе адамдын өмүрүн алат. Башкача айтканда аны сасык тумоонун эң эле жаман, эң эле оор түрү катары элестетсек болот.

Эгерде COVID-19 12 жашка чейинки балдарга жукса, алар ооруну дээрлик сезбей эле өткөрүп жиберишет. Бирок жаман жери — 12-18 жаштын тегерегиндеги өспүрүмдөр бул ооруну эч сезбей же өтө жеңил көтөргөнү менен алар башкаларга ооруну жуктурат. Үй ичинде ойноп же сабак окуп аралашып жүрүп эле ата-энесине, чоң ата, чоң энесине жуктуруп салат. Демек анын аягы жаман бүтөт. Андыктан бул вирустан балдар оорубайт экен дебей, баарыбыз текши сактанышыбыз керек. COVID-19 кары-картаң адамдар үчүн, ашыкча салмактан жана өпкө ооруларынан жапа чегип жүргөн адамдар үчүн өтө кооптуу.

- Сактануудагы эң алгачкы көрүлгөн чаралар эмне болууга тийиш?

— Миң жолу кайталаганыбыз менен эң маанилүү нерсе — бул аралыкты сактоо. Эгерде жаныңыздагы адам телефон менен, же бирөө менен катуу кыйкырып сүйлөшүп же ырдап атса, андан эки метрге чейин алыс болгонуңуз оң. Болбосо 1-1,5 метр аралык сакталышы керек.

Экинчиден, башкалар менен эч кандай контакт болбошу керек: кол алышуу, кучакташуу жана башкалар болбошу керек. Үчүнчүдөн, бирөө менен көпкө сүйлөшүп турганга болбойт. Анткени алардын биринде эле вирус болсо, убакыттын өтүшү менен вирус бири-бирине сүйлөшүү аркылуу жетет.

Эгерде мурундан суу агып же кадимки сасык тумоонун кенедей эле белгилери сезилсе, ошол замат диагностикалык тесттен өтүш керек. Мен түшүнүп турам, Кыргызстанда ар бир жаранды тесттен өткөрүү кыйын болсо керек, бирок бул токтоосуз жасалчу иш. Анткени бардык иш жөнөкөй сасык тумоо же COVID-19 экенин аныктап алгандан кийин башталат. Бул жаман вирусту денеге жайылтып жибербештин жана убакыттан уттурбоонун аргасын кылчу бирден бир маанилүү нерсе. Демек тесттен өткөрчү борборлорду уюштуруу керек. Анткени бир адамдан COVID-19 чыкса, аны токтоосуз изоляцияга алуу керек. Мына ошондо оору жайылбайт.

- Эми дарылануу тууралуу сөз кылалы. Эгерде оору табылса, ошол замат антибиотик ала башташ керекпи?

— Биринчиден, COVID-19га каршы вакцина жок. Экинчиден, ага каршы таасирдүү дары да жок. COVID-19ду айыктыра турган дары эч жерде жасалып чыккан эмес жана чыга элек. Медицинада бар антибиотиктердин бири да бул вируска каршы деп чыгарылган эмес. Демек анын бири да ал вирусту жок кыла албайт. Анын дарысы жок.

Албетте абалы өтө оорлошуп бараткан адамдардын өмүрүн сактоо жана жакшыртуу үчүн ар кандай чаралар бар: кычкылтекке туташтыруу, интубация ж.б. айрым дарылар. Бирок алар дал ошол вирус менен күрөшүү дегендик эмес. Мисалы, абалы оор болуп жаткандарга ремдесивир дарысы колдонулуп келет. Толук болбосо да анын натыйжасы дурус болуп жатат. Анан дагы кортизон дарысы бар. Бул да адамдын абалы өтө кооптуу учурга кептелсе гана берилчү дары.

- Ремдесивир дарысын Борбор Азия өлкөлөрүндө тапса болобу?

— Менимче ал аймактарда жок. Ремдесивир бул вируска каршы колдонулган күчтүү дары, ал абалы өтө начарлап кеткендерге гана берилет.

Жеңишбек Эдигеев

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 15, 2020 10:59

Приемная кампания 2020

Элдик медицина