Сооронбай Жээнбековду тандоонун себеби эмнеде?

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 22, 2017 11:23

Сооронбай Жээнбековду  тандоонун себеби эмнеде?

сооронбай22 сетябрь, Бишкек. Дүйнөнүн көптөгөн  мамлекеттерине салыштырмалуу Кыргызстанда демократия орногону белгилүү. 15-октябрда боло турган президенттик шайлоого альтернативдүү 13 адам ат салыша баштады. Албетте ар кимдин мыйзам боюнча кимди шайлоого өз укугу бар. Ошону менен катар шайлоо күнүнө чейин бир күн калгыча ар ким өз оюн айтууга да укугу бар. Музыкада нотанын жети баскычы бар, ушул баскычтар боюнча өз оюмду айта кетейин.

До

Доорлор канча алмашса да кыргыз эли байыртан келаткан традициясын унутпай келет. Биздин эл демократияны ушунча сыйлап, ушунча урматтагандыктан байыртан эле эл башчысын ортого салып аксакалдар тобу чечип келген. Бүгүнкү күнү Кыргызстандын жетишкендиги демократиялык жол менен мамлекет башчысын шайлап жатканында. 2010-жылы бийлик алмашкан соң кыргыз мамлекети жаңы Башмыйзамды кабыл алган. Бул Башмыйзам боюнча Кыргызстандын президентинин мөөнөтү бир жолу 6 жылдан деп бекилген. Биз менен удаа Конституциясын өзгөртүшкөн Россия Федерациясында президенттин мөөнөтү төрт жылдан алты жылга узартылып, президент эки мөөнөткө шайланат. Былтыр 2016-жылы декабрда Конституцияга референдум кабыл алганбыз, бул референдумда азыркы президент мурунку президенттердей өз мөөнөтүн узартып алса деле болмок. Бирок мыйзамды сыйлаган президент Башмыйзамдагы президенттин шайланышы бир жыл болсун деген беренени алмаштырбай, быйыл 15-октябрга президенттик шайлоону белгиледи.

Ре

Республикабыз эмес, жамы түрк дүйнөсүнө таланты менен белгилүү болгон Рыспай Абдыкадыровдун ажайып ырларын ким гана укпаган. Рыспай Абдыкадыровдун талант, шыгын баалагандардын бири Сооронбай Жээнбеков. Кыргыздын кереметтүү обондорун чыгарган Рыспайдын кечелери анын көзүнүн тирүүсүндө да, көзү өткөн соң да байма-бай өтүп келүүдө.  Сооронбай Жээнбеков Рыспайдын кечелерин дайыма дилгир көңүлү менен колдоп келе жатканын музыка дүйнөсүндө адамдардын жүрөгүндө жүрөт. Бир гана Рыспай Абдыкадыровду эмес, кыргызды кыйырларга тааныткан музыка Корифейлери ар тараптан колдоп келатканы белгилүү. Түгөлбай Казаков сыяктуу Рыспай менен удаалаш музыка дүйнөсүнө келип, кыргыз элине нечен обондорду тартуулаган талантыбыз, Сооронбай Жээнбековдун өкмөтүндө маданият министри болуп келгенин билебиз. Чыгармачыл адамдарды колдоп, түшүнгөн президенттикке талапкер жокко эсе, ошондуктан Сооронбай Жээнбеков бул жерде көп каргалардын арасындагы «ак каргадай» эле.

Ми

Миллиондогон кыргыздардын гана эмес, дүйнөлүк спорт ышкыбоздорунун кумирине айланып бараткан спортсмендерди колдоо акыркы мезгилде Сооронбай Жээнбеков тарабынан колго алынгандыктан дүйнөлүк көптөгөн мелдештерде кыргызстандык спортсмендер жеңиш менен кайтып келе баштады. Айсулуу Тыныбекова, Түмөнбаев  сыяктуу көптөгөн спортсмендердин шыгына шык кошкон Сооронбай Жээнбеков сыяктуу президенттикке талапкерди шайлоодо кыргыз спортсмендери колдоого алышты. Сооронбай Жээнбеков  «Түндүк-Түштүк» альтернативдүү трассасынын боюндагы Жумгалдын Кызартында, кыргыз жеринин ортосунда президенттик шайлоого аттанышы эле символикалуу. Сооронбай Жээнбеков башкалар сыяктуу элди өзүнө тартуу үчүн мактанган жок. Ал бул жерде өкмөт башчысы кезинде  баштаган стратегиялык долбоорлорунун жана программаларынын  аягына чыгуу башкы милдеттери экенин баса белгиледи.  Сооронбай Жээнбековду колдоп Айсулуу Тыныбекова баш болгон спортсмендер, элибиздин каймагы эсептелген мыкты адамдар жүрүштү.

Фа

Фасоль тууралуу Талас жергесинде сөз болсо, пахта жөнүндө түштүктө кеп болот. Биздин ар бир аймагыбыздын өзүнүн көйгөйү менен бирге, кайсы бир нерсеге таянарын билебиз. Нарын эли малына таянса, ысык-көлдүктөр көлүнө, чүйлүктөр борборубуз Бишкекке сыймыктанат. Сооронбай Жээнбеков ар ким өз жерин мактарын, бирок биз түштүктүк да, түндүктүк да эмес, бир кыргызстандык экенибизди баса белгилеп кетти. Анын ишкер бейнеси Сооронбай Жээнбеков чарбачыл инсан экенин көргөзүп турат. Ал кээ бир мурунку өкмөттөргө окшоп «чымынды» жасап коюп «пилге» айланткан жок. Кайсы жерге барса да илгерки «советтик» өкмөт башчы Султан Ибраимовго окшоп, ошол жерди терең билгенин аныктап, ар бир майда тетиктерине чейин кабардар экенин маалымдап, так-таасын суроолорду берип, көйгөйлүү маселелерди чечүүгө аракет кылат.

 

Соль

Сооронбай Жээнбеков өзүн-өзү мактаган саясый шоулардан алыс экенин эл билет. Ал өзү жасап жаткан иштерин да элге жар салып айтканы аз. Ошондуктан кээ бир оппоненттери тарабынан буга чейин эмне бүтүрдү эле деген негативдүү ойлор жаралышы мүмкүн. Сооронбай Жээнбеков  кагаз, мактанууга караганда ишти алдыга коет. Акыркы мезгилде президенттикке талапкер катары анын кылып жаткан иштерин элге тартуулай баштады. Кээ бир түшүнбөгөн оппоненттери «пиар» дешкени менен бир жарым жылда эл үчүн жасаган кызматын  эл билип турат эмеспи, жакшы иштерди жасап жатканына ынанышып, эл ичинде колдой тургандар күн сайын көбөйүп баратат.

Ля

Биздин коомубуз дүйнөлүк интеграция менен кошо алдыга жылып баратат. Дүйнөлүк интеграциядан артта калбай компьютерлештирүү, интернеттештирүү сыяктуу иштер да алдыңкы планда. Ошону менен катар Сооронбай Жээнбековдун айыл чарбасын беш манжасындай билгени, эл арасында кадырын өстүрүп баратат. Ал барган жерде дыйкандар менен тең талаша мол түшүмдү алуунун сырларын билгени бир тең болсо, өкмөт тарабынан дыйкандарга берилип жаткан жардамды ийне-жибине чейин айтып бергени бир тең болуп турат. Мисалы, кыргызстандыктардын кумшекерге болгон зарылчылыгын билип «Кошой» кант заводун ишке киргизүү үчүн тынымсыз аракет кылды. Жакында Жээнбековдун салымы менен ишке кире турган «Кошой» заводу кызылча өстүргөн дыйкандардын да эмгегин талаага кетирбей иштетип берет. Бир ок менен эки коен атылып жаткандай. Кант менен да камсыз болобуз, дыйкандардын мээнет менен өстүргөн кызылчалары да талаада калбайт.

Си

Сооронбай Жээнбековду  КСДП партиясы ишеним көрсөтүп бул партиядан жалгыз талапкер катары көрсөттү. Өз катарынан президенттикке талапкер чыгарбаган «Кыргызстан», «Бир бол» партиялары, «Замандаш-Современник» башында турган Кыргызстандагы көптөгөн партиялар колдоп жатат. Ал эмес бийликке оппозиция болуп келген «Ата Журт» партиясынын Сооронбай Жээнбековду колдой баштаганы жакшы көрүнүш. Демократиянын шаңы менен бир топ адамдардын атаандаш болуп чыгып жатканы туура көрүнүш. Элдин ишенимине татыган Сооронбай Жээнбеков биринчи болуп келерине ишеним чоң.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Сентябрь 22, 2017 11:23

Парламент

Элдик медицина