Сооронбай Жээнбековдон көп жакшы нерселерди күтүүгө болот

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 17, 2017 14:10

Сооронбай Жээнбековдон көп жакшы нерселерди күтүүгө болот

10 Атооч жөндөмө: Ким? Эмне?

Сооронбай Жээнбеков өнүктүрүүнүн келечегине көбүрөөк ишенич артат. Маселен, келечекте айыл чарбасындагы долбоорлорду каржылоо боюнча мамлекеттин колдоосун 15 миллиард долларга жеткирүү болжолдонууда. Сооронбай Жээнбеков бул максат мамлекеттин колунан келээрине ишенет, ошондуктан каражаттар оңду-солду чачылбай, келечектүү багыттарга максаттуу жумшалат.Айрым аймактарда пайдалуу кендер кеңири, айрымдарында туристтик мүмкүнчүлүктөр жогору, ал эми ажайып табиятын жана маданиятынын өзгөчөлүгүн сактап калган Кыргызстандын уникалдуулугу жергиликтүү жашоочуларды жумушсуз калтырбайт.Сооронбай Жээнбековар бир райондун өзгөчөлүктөрүнө басым жасаган мына ушундай ыкмалар аймактар менен калктын жашоо деңгээлин жогорулатып, ишканалар менен өндүрүштү өнүктүрөрүнө ишенет. Ошондой эле калкты жумушчу орундар менен камсыздоо маселесин чечип, ички миграциянын деңгээлин төмөндөтөт.

 

Илик жөндөмө: Кимдин? Эмненин?

Сооронбай Жээнбековдун президенттик программасынын ар бир пункту өз ара байланышкан жана конкреттүү аракеттер менен бекемделген, ошондуктан аймактарды өнүктүрүүсүз, өнөр жайды кайра жаратуусуз жана экспортту өнүктүрүүсүз жумуш менен камсыздоо маселесин чечүү мүмкүн эмес.Сооронбай Жээнбековдун платформасы боюнча бир канча ири мамлекеттик долбоорлор ички миграцияны кыскартууга багытталган. Сооронбай Жээнбековдун пикиринде өндүрүш калыбына келтирилип, жаңы кайра иштетүүчү ишканалар курулат, жергиликтүү калк жумуш менен камсыз болот, бул ички миграцияны токтотот.Мындай чаралар көрүлгөндөн кийин жаштар өз туулган жеринде калып иштейт, аларда үйлөнүп-жайланып, ипотекага үй алууга акча каражаттары пайда болот. Сооронбай Жээнбековдунайтуусунда:«Мамлекеттик турак жайга ипотека боюнча насыянын пайызын 14төн 10 пайызга түшүрүп, андан кийин 8 пайызга чейин түшүрүүгө аракет кыла баштаганбыз. Эми өкмөт үстүбүздөгү жылдын 1-октябрынан баштап пайызды 8%га чейин түшүрүү чечимин кабыл алганы белгилүү болду. Келечекте ушундай төмөн пайыз менен мамлекеттик ипотека бюджет кызматкерлери, врач, мугалимдерге гана эмес, деги эле турак жайга муктаж жарандарыбызга бериле баштайт».

 

Барыш жөндөмө:Кимге? Эмнеге?

Сооронбай Жээнбековго өлкөнү өнүктүрүүнүн маанилүү түйүндөрүн таап, өзгөчө көңүл бурууну талап кылган аймактарды аныктоо үчүн көп аракеттерди жасоого туура келди. Алардын катарына калкты, айрыкча ири өнөр жай ишканалар жок, бирок айыл чарба продукцияларын кайра иштетүү мүмкүнчүлүктөрү кеңири айылдарда жумуш менен камсыздоо маселесин кошууга болот. Мында аймактардын ар биринде аларга ылайыктуу экономикалык пайдалуу жана атаандаштыкка жөндөмдүү өзгөчө артыкчылыктуу багыттарды өнүктүрүү сунушталат.Кыргызстан – бул ар бир аймагы өзүнчө өзгөчөлүктүү, өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрү кеңири агрардык өлкө. Маселен, Баткен облусу өзүнүн абрикосу жана өрүгү, Нарын облусу жүн, эт жана сүтү, Талас төө буурчагы, Чүй облусу кант кызылчасы менен даңазалуу. Тагыраак айтканда, биздин аймактардын ар биринин кайталангыс өзгөчөлүктөрү бар, ошондуктан Сооронбай Жээнбековго атаандаштыкка жөндөмдүү жана арзан продукция өндүрүүнү жолго коюуда жер-жерлерде өндүрүүчүлөргө ар тараптуу колдоолорду көрсөтүү, ал турсун продукциялардын сатылышын камсыздап берүү зарыл.

 

 Табыш жөндөмө: Кимди? Эмнени?

Сооронбай Жээнбековду иштерман, мээнеткеч инсан катары билебиз.Келечекке кеңири көз чаптырган президенттикке талапкер кайра иштетүү тармагындагы өндүрүштүк мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү программасынын эсебинен көтөрүүгө болот деген көз карашта. Беш жылга эсептелген тамак-аш жана кайра иштетүү өнөр жайын өнүктүрүү программасы ушул жылдын жайында Жээнбековдун өкмөтү тарабынан кабыл алынган. Учурда кайра иштетүү чөйрөсү өзүнө 326 аракеттеги юридикалык уюмдарды, 5900дөн ашык жеке ишкерлерди бириктирген 18ден ашык тармакты камтыйт. Келечекте иштеп жатканын өркүндөтүп, жашылча жемиштерди, эт жана сүттү кайра иштетүүчү, кант, нан-токоч азыктарын өндүрүүчү жаңы ишканаларды ачуу менен аларда иштегендердин санын арбытуу пландалууда. Өндүрүштү өркүндөтүү, жаңы технологияларды өздөштүрүү тармактардын өнүгүүсүн эле камсыздабастан, ички рынокту сапаттуу азыктарга толтурууга жана экспортту кеңейтүүгө мүмкүндүк берет. Ар бир эле тармакты көтөрүүгө, эгер сөз айылдарда өндүрүш уюштуруу тууралуу болуп жатса, бош каражаттар талап кылынары түшүнүктүү. Ошондуктан, мурда ал жетектеген өкмөт “Айыл чарбасын каржылоо” мамлекеттик колдоо долбоорунун алкагында ишкерлик үчүн кредиттердин пайыздык ченемдерин төмөндөтүү зарыл деген чечим кабыл алган.

 

Жатыш жөндөмө: Кимде? Эмнеде?

Сооронбай Жээнбековдо Кыргызстандын келечеги үчүн кажыбас кайраты бар. Ошондуктан,биринчи кезекте көңүл кайра иштетүү чөйрөсүнө бурулду. Азыр бул тармакка тиешелүү долбоорлор үчүн жылдык 6%дык үстөк менен кредит алууга болот. Мал чарбачылыгыжанадыйканчылыкмененалектенгендергеда жеңилдетилгенченемдермененкредиттерберилебаштады. Жалпысынанжылбашынан бери “Айылчарбасынкаржылоо” долбоорубоюнча 3 миллиард сомдонашыксуммадагы 9 миңденкөбүрөөккредиттерберилди. Булайтылгандарколдоочараларыкайтарымберипжаткандыгынжанаайылдыкишкерлерөзөнүгүүсүүчүнмамлекеттинмүмкүнчүлүктөрүнөтаянабаштагандыгындалилдептурат.Кепилдик фондун түзүү колдоо чараларынын дагы бири болуп калды. Бул фонд өз бизнесин өнүктүрүүнү каалаган, бирок кредит алууга күрөөсү жок жарандарга жардам көрсөтөт. Ошондой ишкерлерге, өзгөчө аймактарда эмгектенген жана келечектүү долбоорлору бар, бирок жетиштүү күрөөсү жок жарандарга жардам берүү максатында анын өкмөтү аталган фондуну түзгөн.Фонд кредиттик каражаттарды алууга кепилдик берет. Капиталы 282 миллион сомду түзгөн жана жыл этегине чейин миллиард сомго жеткирүү болжолдонуп жаткан уюм тарабынан ишкерлерге жалпы суммасы 120 миллион сомдон ашкан 100дөн ашык кепилдик берилди.

 

Чыгыш жөндөмө:Кимден? Эмнеден?

 

Сооронбай Жээнбековдон көп жакшы нерселерди күтүүгө болот. Кичи шаарларда канализациялык системаны оңдоо жана куруу, таза суунун жетишсиздиги маселеси курч экенин белгилүү. Алэскерткендей, калкты таза суумененкамсыздооСтратегиясыныналкагында 650 конуштардасууобъектилерисалынып, оңдолуп, ишкеберилет. Жакынкы 5 жылдаКыргызстандынбаардыкаймактары таза суумененкамсыз болот. Ошондой эле ирригация боюнча мамлекеттик программа кабыл алынды. Ага ылайык жакынкы жылдары 65 миӊ гектардан ашык жаңы сугат жер өздөштүрүлөт. Жаңы калк конуштары, фермердик чарбалар пайда болот, 240 миӊден ашуун иш оруну жаралат. Ички миграцияны токтойт. Сооронбай Жээнбековдон элибиз үчүн көп жакшы нерселерди күтүп, аны колдоп добуш берели!

Даярдаган: Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 17, 2017 14:10

Парламент

Элдик медицина