Сокулуктун тургундары кытайлык ишкер кыргыз жаранын сабаганын айтышууда

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 30, 2018 00:37

Сокулуктун тургундары кытайлык ишкер кыргыз жаранын сабаганын айтышууда

3 Сокулук районунун Военно-Антоновка айылында 27-июль күнү кыргыз жаранын кытайлык ишкер кафель чыгарган заводдо сабаган. Бул тууралуу бүгүн митингге чыккандар билдиришти.

Алардын айтымында, заводдун башкы директору 27-июлга караган түнү 3-4 кытай жараны менен мас абалда келип тамак-аштарды чачып, Султан Мукашевди себепсиз сабап, телефонун талкалап салган. Окуя түнкү саат 12лерден өткөндөн кийин болгон.

Маалыматка ылайык, нааразылык акциясына жалпы 200гө чукул адам чогулду. Жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, милиция кызматкерлери келишкен.

Ал эми кытайлык ишкер токмок жеген жаран дагы аны ургандыктан, милицияга арыз жаза турганын билдирген.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июль 30, 2018 00:37

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина