Сокулукта спорт залдан окуучу кыздын асынып турган абалда жансыз денеси табылды

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 28, 2021 16:23

Сокулукта спорт залдан окуучу кыздын асынып турган абалда жансыз денеси табылды

10 Сокулук районунда спорт залдан окуучу кыздын асынып турган абалда жансыз денеси табылды. Маркум Фрунзе айылындагы Фрунзе №1 орто мектебинин 9-классында билим алып жаткан. Белгилүү болгондой, окуя 23-февраль күнү болгон.

Райондук билим берүү бөлүмү бул фактыны тастыктап, төмөнкүлөрдү билдиришти.

«Бул кызды апасы төрөгөндөн кийин өзүнүн энесинин колуна таштап кеткен экен. Мындан кийин 2-класста окуган бир тууганы бар. Экөө теӊ таенесинин колунда жашап жатышкан. Апасы болсо өз алдынча турмуш куруп кеткен. Таенеси 74 жаштагы кары киши.

Акыркы учурларда кыздын апасы үйүнө кайтып келип, чогуу жашап жатышкан. Бирок, кызы менен тил табыша албай, экөө уруша башташкан. Буга чейин маркум Фрунзе айылындагы жеке менчик машыгуу залына барып, машыкчу экен. Ошол күнү спорт залдын ачкычын сурап, жалгыз калганын айтышты. Ошентип кечки саат 18:00 чамасында аны асынып турган абалда жансыз денесин табышкан. Өзү тынч, тартиптүү кыз экен. Ошол себептен ишенип ачкычты беришкен көрүнөт», — деп айтылат маалыматта.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 28, 2021 16:23

Приемная кампания 2020

Элдик медицина