Сокулукта соода комплексинен ири суммадагы акча уурдалды

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 12, 2018 12:52

Сокулукта соода комплексинен ири суммадагы акча уурдалды

 12 2018-жылдын 31-июль күнү болжол менен саат 15:30 чамасында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө Ново-Павловка айылында жайгашкан супермаркеттердин биринен ири суммадагы акча уурдалганы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бул маалыматтын негизинде Сокулук районунун ИИБнүн ыкчам тергөө тобу окуя болгон дарекке чыгышып, алдын ала териштирүү иштерин жүргүзүшүп, күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнүн жана видео камераларда тартылган тасмалардын жардамы менен окуя кандайча болгонун такташкан.

2018-жылдын 30-июль күнү түнкүсүн болжол менен саат 03:30 чамасында эки жаран бетине медициналык бет кап тагышып, супермаркеттин батыш жагындагы эшиги аркылуу киришип, кароолчунун жоктугунан пайдаланышып, жүк сактоочу жайга кирип кетишкен. Ал жактан темир сейфтин ачкычын катылган жеринен алышып, сейфти ачышып, ичинен 579 миң сом акчаны уурдап чыгып кетишкен. Сокулук районунун ИИБнүн кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында кылмыш изин суутпай кылмышка шектүү жарандар кармалышкан. Алар: 19 жаштагы Б.А., Ж.Ш. жана 18 жаштагы У.Т. аттуу жарандар болушкан. Кармалгандардын ичинен У.Т. буга чейин Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 234-беренеси (Бейбаштык) боюнча соттолгондугу маалым болгон. Андан тышкары шектүүлөрдүн бирөөсү ошол супермаркетте күзөт кызматында иштери белгилүү болду. Сокулук районунун ИИБнүн тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 164-беренеси (Уурулук) боюнча кылмыш иши козголуп, кармалган жарандар убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

 

Акча талап кылган кармалды

Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнө Бишкек шаарынын 36 жаштагы жашоочусу Я.Р. арыз менен кайрылып, 2018-жылдын май айынан тарта өзүн уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү деп тааныштырган эркек киши арыз ээсин коркутуп 1000 АКШ долларын талап кылып жатканын билдирген. Бул окуя Аламүдүн районунун ИИБнө катталып, тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 170-беренеси (опуза талап) боюнча кылмыш иши козголгон. Аламүдүн районунун ИИБнүн кызматкерлери жана Чүй облусунун ИИББнын тез чара көрүүчү атайын отрядынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында жогорудагы кылмышка шектелип Ысык-Көл облусунун жашоочусу 52 жаштагы И.Д. кармалып, текшерүү маалында атайын белги коюлган 15 миң сом акча жана көтөрүп жүргөн сумкасынан газ пневматикалык тапанча алынган. Кармалган жаран убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Учурда тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Милиция өспүрүмдөрдүн сууга түшүүсү боюнча алдын алуу иштерин жүргүзүүдө

2018-жылдын 3-август күнү Аламүдүн районунун ички иштер бөлүмүнүн жаш өспүрүмдөр менен иштөө инспекциясы жана өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Чүй облусу боюнча башкармалыгы сууга түшүү учурунда кырсыктарды алдын алуу максатында рейд уюштурушту.

Чүй облусунун аймагындагы баардык көлмөлөрдө, сууга түшүүчү жайларда жай мезгилинин аягына чейин алдын алуу иштери жүргүзүлүп турат. Бул жолу Аламүдүн районунун ИИБнүн жана ӨКМдин кызматкерлери Ленин айылындагы жана ГЭС-2 айылында жайгашкан көлмөлөрдө текшерүү иштерин жүргүзүштү. Текшерүү маалында аталган жайларда 50 дөн ашуун адамдар эс алып жатышкан. Бул көлмөлөрдө “сууга түшүүгө тыюу салынат!” деген эскертүүлөр орнотулганы менен ага эч ким көңүл бурбай келет. Мындагы эс алуучуларга кырсыктарды алдын алуу үчүн  кеңештер берилип, тыюу салынган жайлардын кооптуулугу эскертилди.

Сууга түшүүгө тыюу салынган көлмөлөрдө суунун гигиеналык абалы талаптарга жооп бербейт жана куткаруу кызматтары, ошондой эле медициналык тез жардам кызматтары каралбагандыктан каргашалуу окуялар болуп кетүү коркунучтары жок эмес. Андыктан жайкы эс алуу башталгандан тарта ар бир көлмөлөргө эскертүү тактайлар орнотулган.

Чүй облусунун ИИББы жана ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгы эскертет! Эс алуу учурунда сууга түшүү үчүн шарттар түзүлгөн атайын көлмөлөрдө, бассейиндерде жана пляждарда эс алуу кырсыктарды алдын алат. Андан сырткары дарыгерлер тарабынан сууга түшүүгө тыюу салынган адамдар менен ичимдик ичкен жарандар үчүн сууга түшпөй койгон ыңгайлуу. Жаш өспүрүмдөр менен сууга түшүүгө келген ата-энелер ар дайым балдардын кыймыл аракетине көз салып туруусу зарыл. Себеби, балдардын коопсуздугу ата-энелердин камкордугунан көз каранды.

Кара куурайлар жок кылынууда

Москва районунун аймагындагы жапайы кара куурайларды жок кылуу үчүн райондук ички иштер бөлүмү, жергиликтүү айыл аймактын өкүлдөрү жана ыктыярдуу элдик кошуундар биргеликте баңги затын камтыган кара куурай өскөн аймактарда аларды оруп жок кылышты. Москва районундагы Петровка айылында 0,7 га. жердеги өскөн 925 килограмм кара куурай жок кылынды, Предтеченка айылынан 0,25 га. аянттан 207 килограмм жапайы кара куурай өсүмдүгү, Садовое айылынан 4 га. жердеги 5 тонна 500 кг. жана башка да жапайы кара куурай өскөн аймактарда жалпысынан 8, 55 гектар жердеги 11 тонна 432 кг. кара куурай өсүмдүгү жок кылынды.

Милициянын аймактык ыйгарымдуу өкүлдөрү тарабынан жер-жерлерде кара куурай, опийм мак жана башка баңги затын камтыган өсүмдүктөрдү өстүрүүнү алдын алуу үчүн түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, иш-чара учурунда Кыргыз Республикасынын административдик жоопкерчилик жөнүндө кодексинин 191-беренеси (Тыюу салынган баңги заттуу өсүмдүктөрдү көп эмес өлчөмдө айдоо же өстүрүү, жапайы өскөн баңги заттуу өсүмдүктөрдү жок кылуу боюнча чараларды көрбөө) боюнча 80 протокол толтурулду. Бул иш-чара Москва районунун аймагында 10-августка чейин улантылмакчы.

 

Д.ШАБДАНОВ

 

Jeenalieva
By Jeenalieva Август 12, 2018 12:52

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина