Сокулукта билим берүү тармагында иштеген бир катар мугалимдер сыйланды

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 12, 2020 10:41

Сокулукта билим берүү тармагында иштеген бир катар мугалимдер сыйланды

1 Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын грамотасы менен Сокулуктагы билим берүү тармагында иштеген бир катар мугалимдер сыйланды. Бул тууралуу райондук мамлекеттик администрациясынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Новопавловка бала бакчасынын директору Кожакеева Алмагүл Бердалиевна, «Түз балакайы» бала бакчасынын директору Ильпекова Гүлсара Бекмурзаевна, №2 Төмөнкү Чүй орто мектебинин уюштуруучусу Смирнова Анна Николаевна, Шопоков шаарынын экономикалык мектеп-лицейинин технология боюнча мугалими Хасанова Ширин Абдыгапаровна, Н.Рахманов атындагы орто мектебинин уюштуруучусу Дюшенбаева Светлана Эриковна, Сокулук районунун №114 кесиптик лицейинин кыргыз тил боюнча мугалими Ногоялиева Элмира Көчөрбаевна, Ч.Айтматов атындагы №1 Новопавловка окуу өндүрүштүк комплекс-лицейинин физика сабагынын мугалими Кутчубекова Кымбат Кутчубековна, Ч.Айтматов атындагы №1 Новопавловка окуу өндүрүштүк комплекс-лицейинин математика сабагынын мугалими Логвиненко Алесия Сергеевна, Ч.Айтматов атындагы №1 Новопавловка өндүрүштүк комплекс-лицейинин башталгыч класстын мугалими Үмөтова Анара Коенбековна, №1 Новопавловка өндүрүштүк комплекс-лицейинин башталгыч класстын мугалими Жообаева Акзийнат Өзгөновна, Сокулуктагы балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинин тарбиячысы Кокоева Гүлмира Тургуналиевна, Сокулуктагы атайын жалпы билим берүүчү жатак-мектебинин тарбиячысы Аскар кызы Азиза, ушул эле жатак мектептин дагы бир тарбиячысы Жумакулова Тамара Тургуналиева сыйланышты. Ошондой эле Сокулук районунун Н.Жетикашкаева атындагы мектебинин директору Токкожоев Рашид Бекмурзаевич «Кеменгер» ардак белгиси менен сыйланды.

Jeenalieva
By Jeenalieva Октябрь 12, 2020 10:41

Приемная кампания 2020

Элдик медицина