Сокулук районунун Ново-Павловка айылынын үй уурулары кармалды

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:03

Сокулук районунун Ново-Павловка айылынын үй уурулары кармалды

10 2019-жылдын Сокулук районунун Ново-Павловка айылынын аймактык тескөөчүсү өзү тейлеген аймакта кызмат өтөп жүрүп телевизор, ноутбук жана плеер көтөрүп бара жаткан шектүү эркек кишини көрүп аны токтотуп, өздүгүн аныктоо максатында жакынкы милиция бөлүмчөсүнө алып барган. Териштирүү учурунда ал Жалал-Абад облусунда туулуп өскөн 23 жаштагы жаран экндиги аныкталып, ал буга чейин соттолгондугу маалым болгон. Ал эми көтөрүп бараткан техникалык жабдуулар текшерүү учурунда Ново-Павловка айылындагы үйлөрдүн биринен уурдалганы такталган. Көп убакыт өтпөй жергиликтүү жашоочу Ж.О. милиция кызматкерлерине арыз менен кайрылып, белгисиз бирөө анын үйүнүн терезесин сындырып, ичинен жогорудагы техникалык жабдууларды уурдап кеткенин билдирген. Бул окуя кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 200-беренеси боюнча катталып, сотко чейиинки өндүрүш иштери башталган.

Сотко чейинки өндүрүш иштерин жүргүзүү учурунда кармалган жаран башка дагы кылмыштарга тиешеси бар экендиги аныкталган.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 10, 2019 12:03

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина