Сокулук районунда жайгашкан дарыканаларга рейд жүрдү

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 30, 2020 12:58

Сокулук районунда жайгашкан дарыканаларга рейд жүрдү

20 Өкмөткө караштуу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматтын Сокулук жана Москва райондорундагы кызматкерлери тарабынан дарыканаларга рейд жүрдү. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

29-июнь күнү өткөн рейдде бет кап жана дары-дармектин баасы текшерилген. Иш-чара COVID-19 жугуштуу оорусунун күч алышына байланыштуу өткөрүлдү.

Рейддин жүрүшүндө дарыкана кызматкерлерин мыйзам бузууга барбоого чакырышып, эскертүүлөр берилди.

Аталган кызматтын берген маалыматы боюнча, Сокулук районунда антисептик 95-115 сомдон, ал эми бет кап 9-15 сомдон сатылууда.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 30, 2020 12:58

Приемная кампания 2020

Элдик медицина