Сокулук районунда оор кылмышка шектелген адам изи сууй электе кармалды

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 24, 2019 11:03

Сокулук районунда оор кылмышка шектелген адам изи сууй электе кармалды

14 Үстүбүздөгү жылдын 19-февраль күнү саат 12:50 чамасында Сокулук районунун ички иштер бөлүмүнө ден соолукка атайлап оор залал келтирүү жана бычактан жаракат алуу фактылары боюнча билдирүү келип түшкөн. Окуя болгон Комсомол айылына РИИБдин ыкчам-иликтөө тобу барган. Алдын ала маалыматтарга караганда, Комсомол айылынын 50 жаштагы тургуну К.В. бычактан жаракат алып, аны көргөн туугандары милиция жана тез жардам кызматкерлерин чакырышкан. Бирок жаракат алган адам ооруканага жетпей көз жумган. Оперативдик кызматкерлер кылмыштын изи сууй электе Чүй облусунун 45 жаштагы И.Р. аттуу тургунун кармашты. Ал буга чейин бир нече жолу баңгизат менен соттолгон жана болжол менен 1 ай мурун эркиндикке чыккан. Милиция кызматкерлеринин божомолунда, спирт ичимдиктерин ичип жаткан эки кишинин ортосунда чыр-чатак чыгып, анын кесепетинен жабырлануучу бычактан алган жаракатынан улам көз жумган. Колго түшкөн адам убактылуу кармоочу жайга камалды.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 24, 2019 11:03

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина