Сокулук району алдыда, жаңы 45 ишкердүүлүк объект иштеп жатат

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 24, 2019 10:14

Сокулук району алдыда, жаңы 45 ишкердүүлүк объект иштеп жатат

4 Сокулук району өлкөбүздөгү ири жана өнөр жайлуу райондордун катарына кирет. Жыл сайын ондогон ишканалар ачылып, казынаны толтурууда айтарлык көрсөткүчтөр жаралууда. Ошол эле ички миграция ушул районго көп агылууда.  Ошондуктан  райондун акими Таалайбек Корголдоев менен  2018-жылдын социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыктары тууралуу маек курдук.

 - Таалайбек Ишенбекович, аймактарды өнүктүрүү жылында Сокулук районунда өнөр жай тармагы боюнча кандай жетишкендиктер болду?

 - 2018-жылдын 4-кварталында район боюнча 6740016,3 миң сом суммасындагы өнөр жай продукциясы өндүрүлдү, физикалык көлөмдүн индекси 106,0 пайыз болду.

2017-жылдын 4-кварталына салыштырмалуу өндүрүштүн көлөмүн көбөйткөн негизги ишканалар:

— “Деташ ЛТД” ЖЧК – 103,1%

— “УПТКА” ЖЧК – 107,2%

— “Bear Beer” ЖАК – 115,7%

— “Лахор Стил Милс”  ЖЧК – 296,6%

— “Аю” ЖЧК – 104,1%

— «Новопавловские колбаски» ЖЧК – 113,7%

— Фрунзе а/ө “Таза сервис” муниципалдык ишканасы – 167,0%

— “Таза айыл үчүн” муниципалдык ишканасы – 232,2%

— Крупский атындагы а/ө “Таза айыл” муниципалдык ишканасы – 150,2%

— “Военно-Антоновка айылдык кеңешинин” муниципалдык ишканасы – 154,0%

— Сокулук а/ө “Таза Сокулук” муниципалдык ишканасы – 120,4%

— “Алихан компани” ЖЧК – 118,1%

— “Рамакс” ЖЧК – 112,2%

— “Жал” кирпич заводу – 231,4%

— “Севертрансгаз” филиалы – 130,1%

— “Кошой” ААК – кумшекер өндүрүү жана суу берүү – 159,7%

— «Кыргызгаз» ААКнун «Чүй газ чарбачылыгынын башкармалыгы» — 127,7%

Ошондой эле жеке ишкерлер – 112,6% жана чакан жана орто ишканалар  өндүрүш продукциясын 158,5% көбөйтүштү.

Өткөн жылы толук өлчөмдө иштебеген ишканалар да болсо керек…

— Базар экономика заманында ар  түрдүү себептердин негизинде мурда жакшы иштеген кээ бир ишканалар өндүрүштүн көлөмүн азайтышкан. Мисалы:

— «Ата ЛТД» ЖЧК – 73,6%, конкуренциянын жогору болгондугунан КР түштүгүнө Өзбекстандан кондитердик азыктарды алып келүү көбөйгөндүктөн, андан тышкары Бажы союзуна кирген өлкөлөргө кондитердик азыктарды алып чыгууга көзөмөлдүн күчтүү болгондугунан;

— «Рола» ЖЧК – 49,8%; «Новопавловские колбаски» ЖЧК – 81,4%; «Артезиан» ЖЧК – 55,3%;«Голден Сан» ААК – 2,9%;“Ак он иш” ЖЧК – 5,9%; “Кыргызэнергострой” ААК – 78,7%; “Элет Сүт” ЖЧК – 76,7% азыктарга болгон тапшырыктын азайганына байланыштуу;

— Шопоков көрктөндүрүү комбинаты – 98,5%; Гавриловка көрктөндүрүү комбинаты – 88,3 % калктын жасалган кызматка акча төлөбөгөнү себеп болууда.

2018-жылы убактылуу  иштебеген ишканалар:

— “Эльвира” керамикалык заводу ЖАК жана “Аква Мастер” ЖЧК  өндүрүлгөн продукцияга болгон талаптын жоктугунан толук кандуу иштеген жок.

- Өткөн жылы Президенттин катышуусу менен бир нече жаңы ишканалар ачылган эле. Учурда алардын баары иштеп жатабы?

 - Ооба, Президентибиз Сооронбай Жээнбековдун “2018-жыл — Аймактарды өнүктүрүү жылы” деген жарлыгына ылайык Военно-Антоновка айылында «Тянь-Шань Керамик» заводу ачылып, 194992,3 миӊ сомго керамикалык плитка продукцияларын чыгарып, 2-этабы болгон жатакана, административдик имарат, от жагуучу жай ачууга жетишти. Ушул заводдун ачылышына Президентибиз өзү келип, жакшы калоо-тилектерин айтып, лентасын кесип кеткени биздин Сокулук районунун тургундарына, ишкерлерине дем берди десем болот.

2018-жылы 45 ишкердүүлүк объекти  ишке киргизилип, жалпы суммасы 667374,4 миң сомду түзгөн продукция чыгарып, былтыркы жылга салыштырмалуу 27,5% га көп болду.

Ал эми 2019-жылдын 1-январына карата район боюнча  1984 чакан жана орто ишканалар катталган, анын ичинен иштеп жатканы 49 ишкана; жеке ишкерлер 9690ду түзөт.

Чакан, орто ишканалар жана жеке ишкерлер тарабынан 2018-жылы  суммасы 2046340,3 миң сомдук өндүрүм иштелип чыккан . 2017-жылга салыштырмалуу 469104,9 миң сомго көп же өсүү 129,7% болуп, район боюнча өндүрүштүн жалпы көлөмүнүн 30,4% түздү.

 - Сиздерде бюджеттин аткарылышы, салыктардын чогултулушу кандай болуп жатат?

— Сокулук районунун Мамлекеттик салык кызматы башкармалыгынын маалыматы боюнча 2018-жылы салык жана салыктан тышкаркы төлөмдөрдүн мамлекеттик бюджетке түшүүсү план-божомол боюнча 977961,1 миң сом болсо, 978021,9 миң сом түшүп, аткаруу 100% болгон (2017-жылы план-божомол 1002002,6 миң сом болсо, факт боюнча 1002063,2 миң сом түшүп, 100%  аткарылган).

Республикалык бюджет боюнча план-божомол 637502,6 миң сом болсо, факт боюнча 632425,7 миң сом түшкөн, 99,2% аткарылган же 5076,9 миӊ сом түшпөй калган (2017-жылы  план-божомол боюнча  675064,0  миң сом болсо, факт боюнча 663247,1 миӊ сом түшүп, аткарылышы   98,2% түзгөн ).

Жергиликтүү бюджетке түшкөн киреше план-божомол боюнча 340458,5 миң сом болсо, 101,5%  аткарылган же ашыкча 5137,7 миӊ сом түшкөн (2017-жылы жергиликтүү   бюджетке  төлөмдөрдүн  түшүшү план божомол боюнча 326938,6 миӊ сом болсо, факт боюнча 338816,1 миӊ сом түшүп, аткарылышы 103,6 %түзгөн).

Бюджеттин киреше бөлүгүнүн аткарылышына салыктын төмөнкү  түрлөрү  боюнча  пландык  көрсөткүчтөрдүн аткарылышы таасир этти: милдеттүү  негиздеги патент  (104,2%), ыктыярдуу  негиздеги патент (101,7%), бирдиктүү салык (101,7%), кыймылсыз  мүлк  салыгы (102,5%), кыймылдуу мүлк салыгы (120,8%), короо-жай участогуна салык (120,6%), айыл чарба жерлерин колдонууга болгон салык (103,1%), импортко кошумча нарк салыгы (112,2%), роялти (101,9%), салык эмес төлөмдөр (141,9%).

- Базар экономикасынын шартында чакан жана орто ишкердүүлүк чоң мааниге ээ. Сиз жетектеген Сокулук районунда абал кандай? 

 - Соода-сатык жүгүртүүнүн жалпы көлөмү, автоунаа жана тиричилик буюмдарын оңдоо өткөн жылы  9308834,7 миң сомдук кызмат көрсөтүп, 2017-жылга салыштырмалуу  0,4% га же  9275918,0 миң сомго көп болгон.

Ал эми чекене соода-сатык жүгүртүү, коомдук тамактанууну кошкондо 8180542,2 миң сомду же факт боюнча баасы 1,6 % га азайган .

Калкка акы төлөнүүчү (рыноктук) кызмат көрсөтүү 2018-жылы 8566755,7 миң сомду түзүп, былтыркы жылга салыштырмалуу 30,7 % га көп болгон (2017-жылы 6552243,3 миң сом).

2018-жылдын январь-ноябрь айларында жакынкы чет өлкөлөргө райондон чыгарылган товарларды экспорттоо 10994417,5 миң сомду түзүп, 263,3%  же өткөн жылга салыштырмалуу 2,7 эсеге көп аткарылган. Экспорттолуучу товарлар: макарон азыктары, нан, кондитердик азыктар, алкоголдук ичимдиктер, жаӊы жана тоӊдурулган жашылча жемиштер.

- Учурдагы чоң көйгөй жумушсуздук. Сокулук  өнөр жайлуу район болгондуктан  жаңы ишканалар ачылып жатат.  Калкты жумуш орду менен камсыздоонун абалы  кандай?

— 2018-жылы 2571 жумушчу орундары түзүлгөн, анын ичинен: өнөр жай, чакан жана орто бизнесте  211 орун, дыйкан жана фермердик чарбалар, жеке ишкерлерчиликте  2360 жумушчу оруну түзүлгөн. Мисалы,  “Тянь-Шань Керамик” ЖЧК ишке киргени 400 жумушчу орун түзүлсө, “Продимпекс” ЖЧКда 200 адам жумуш менен камсыз болгон.

- Билим берүү чөйрөсү  өнүгүүнүн негизи эмеспи. Окутуу, билим берүү ишинин сапатана да токтоло кетсеңиз?

— Бүгүнкү күндө райондо   53 жалпы билим берүү мекемелери бар. Анын ичинде 43 жалпы билим берүүчү орто,  4 толук эмес орто, 4 жатак мектеп (эки атайын оорулуу балдар үчүн жатак мектеп,  бир санаториялык-токойлуу  жатак,  бир балдар үйү)  жана 2 менчик орто мектеп.  Бүгүнкү күндө окуучулардын саны  41368.

Билим берүү чөйрөсүндө 2064 мугалим эмгектенет. Анын ичинен  пенсия курагындагылар  352 жашта болсо, 35 жашка чейинкилери  644 мугалим.

Ал эми жаңы окуу жылына карата мугалимдик кесипке дагы 34 жаш адистер  тартылган. Жыйынтыгында педагогикалык кадрлардын керектөөсү  2018-2019 окуу жылына 14 мугалим.

Мүмкүнчүлүгү чектелген балдардын билим алууга болгон укугу эске алынып,  үйдөн окуган балдардын саны  65. Мектепке чейинки билим берүү мекемелеринде 5363  бала тарбияланууда.

- Биринчи байлык ден соолук демекчи, саламаттык сактоо тармагында кандай өсүштөр бар?

 - Сокулук  району ири район болгондуктан  үй-бүлөлук дарыгерлер борборуна  12  Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу жана  32  ФАП кирет.

2018-жыл ичинде республикалык бюджеттин каржылоосу менен ар бир айылдык аймактардагы дарыгерлер тобу жайгашкан имараттар, лабораториялар, ФАПтар капиталдык ремонттон өткөрүлүп, ишке берилди.

Андан сырткары, Жаңы-Жер үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имаратынын экинчи кабатынын, имараттын чатырын ондоо иштери жүргүзүлдү.

Жергиликтүү бюджеттин эсебинен 7 ФАПка жана 1 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобуна  572 миң  сомго оңдоо иштери жүргүзүлгөн.

- Бүгүнкү күндө «Балага сүйүнчү» боюнча көп сөз болууда. Жаңы төрөлгөн балдар үчүн бериле турган бир жолку акчалай каражаттын жана калктын аялуу катмарын колдоо чаралары туурасында айта кетсеңиз?

—  «Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө» 2017-жылдын 28-июлундагы №163 Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде  12 айдын ичинде  «Балага сүйүнчү» катары берилүүчү жөлөк пул 3096  балага чектелди. Керектөөчү сумма  12384,0 миң сомду түздү.

Сокулук району боюнча отчеттук мезгилде айыл өкмөттөрүнүн  бюджеттеринен  иш-чараларга 10230370 миң сом материалдык жардам, спонсордук жардам  3 884892 миң сом жана гуманитардык жардам 1 475500 миң сом жардам көрсөтүлгөн. Баягы «кыргыздын уучу куру эмес» деген уламыш сөзүндөй Кызыл-Туу айыл аймагынын Токбай айылында аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн балдары, томолой жана жарты жетим балдар үчүн атайын мектеп «Ас-Салам» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан курулду.

Ушул эле фонд тарабынан Сокулук районунун аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө  33 саан  уй, 27 торпок таратылып берилди. Корея инвесторлору тарабынан  Крупская атындагы айыл аймагынын 18 аз камсыз үй-бүлөлөрүнө ар бир үй-бүлөгө 5 койдон таратылып берилди.

Ал эми «Ас-Сафа» коомдук кайрымдуулук фонду тарабынан Шопоков шаарында апрель айында Победа кѳчѳсүндѳ 4 батирлүү үй курулуп, 4 үй-бүлөгө берилди.

Андан тышкары муктаж адамдарга  жардам берүү максатында «Смарт Дженерейшн» коомдук фонду тарабынан  муктаж адамдарга 20 тигүүчү машина берилди. Анын ичинен «Чүй болустук жаш майыптар коомунун»   алдында түзүлүп  иштеп жаткан «Аракет» окуу  борборунда  эмгектенген 5 мүмкүнчүлүгү чектелген адамдарга берилди.

Иш издеген  914 адам катталып, расмий статуска ээ болгон жумушсуздардын  саны   582 адам  түзөт. Катталган жумушсуздуктун  жалпы денгээли 5,4 %.

Жыл ичинде вакансия менен 1036 адам ишке орноштурулган. Ден соолугу, мүмкүнчүлүгү чектелген 3 группадагы майып 3 адам  жумушка орноштурулган.

- Райондо маданият тармагынын абалы кандай?

— Учурда Сокулук райондук маданият тармагында 50 маданият мекемелеринин  тармактары бар. 1райондук маданият үйү, 14 айылдык клуб, 1 централдык борборлоштурулган китепканасы, 29 китепкана филиалы, 1  З.Кайназарова атындагы музей, 2 шаардык китепкана, 1 балдар музыкалык мектеби, 1 райондук балдар китепканасы  иштейт.

Кайназарова  айыл аймагынын  Чат-Көл  айылынын маданият үйүнүн 2-кабатында стимгранттын эсебинен 3 млн. 60 миң сомго капиталдык оңдоо жүргүзүлдү.

Асылбаш айыл аймагынын Асылбаш айылында маданият үйүнүн капиталдык оңдоо иштери башталды. Жалпы суммасы республикалык бюджеттин эсебинен 2 млн. сомду түздү.

Андан тышкары жергиликтүү бюджеттин эсебинен маданият үйлөрүндө 302 миң сомго кезектеги оңдоо иштер жүргүзүлүп жатат.

Ал эми Ат-Башы айыл аймагынын Манас айылындагы маданият үйүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен 100 миң сомго, Кызыл-Туу айыл аймагынын  Маловодное айылындагы маданият үйүнө жергиликтүү бюджеттин эсебинен  293 миң сомго эмерек,  кондиционер  сатып алынды.

Мындан сырткары, маданият тамагында чечилбей келген көйгөйлөр дагы бар. Алар

Сокулук райондук маданият бөлүмүнө караштуу О.Кутманалиев атындагы 400 орундуу райондук маданият үйү, 1992 жылы пайдаланууга берилген жана 25 жылдан бери капиталдык ремонттон өткөн эмес. Жылуулук берүүчү системалары жарактан чыккан, көрүүчүлөр отура турган театралдык креслолордун 50% ашыгы жараксыз абалга келген. Жылуулук системасын калыбына келтирүү жана көмүр электр жарыгы менен жылытуу үчүн 4 000 000 сом, театралдык креслолорду алмаштыруу үчүн  1 200 000 сом каражат талап кылынат. Толук капиталдык ремонттон өткөзүү үчүн 1 500 000 сом акча каражаты талап кылынат. Райондук маданият үйүндө үн күчөткүч музыкалык аппаратурасы сапатсыз болгонуна байланыштуу жарактан чыккан, заманбап сапаттуу аппаратура алуу үчүн 350 000 сом керектелет. Жогорудагы көйгөйлөр чечилсе Сокулук районунун борборунда жайгашкан О.Кутманалиев атындагы райондук маданият үйү Сокулук эли үчүн жогорку деңгээлдеги маданият тармагында тейлөө жүргүзөт эле.

- Мамлекеттик камсыздандыруу саясаттарына токтоло кетсеңиз?

— Кыргыз Республикасынын “Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдетүү камсыздандыруу жөнүндө” 2015-жылдын 31-июнундагы №209 Мыйзамынын аткарылышы боюнча Cокулук райондук мамлекеттик администрациясы тарабынан тийиштүү иштер жүргүзүлүүдө.

Сокулук району 2016-жылдан тартып бардык турак жайларды милдеттүү камсыздандырууга өткөрүүнү ишке ашыра баштады. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары  мекеме уюмдардын  жамааттарынын жана райондун калкынын арасында жеткиликтүү түшүндүрүү иштерин  жүргүзүүдө.

2018-жыл ичинде Сокулук району боюнча 1942 турак жай камсыздандырылды.

- Акыркы жылдары мамлекетте ички миграция күч алып жер басып алуучулук, ар кандай мыйзамсыздыктар орун алып келет. Укук, тартип, мыйзам Сокулук районунда кандай иштеп жатат?

— Сокулук райадминистрациясында укук коргоо органдарынын Координациялык кеңешмеси өзүнүн ишин улантууда. Ошондой эле райадминистрацияда Коомдук кабылдама жана ишеним телефондору иштеп жатат. Коомдук кабылдама жана ишеним телефондор жөнүндөгү маалымат райондук “Элдик Жарчы” гезитинде чыгарылат.

2018-жылдын 12 айдын ичинде Коомдук кабылдамага  44 кайрылуу түшкөн, ишеним телефонуна 11 кайрылуу түшкөн. Алардын ичинен 27 кайрылуу ипотекалык насыя алуу боюнча, 23 кайрылуу социалдык суроолор боюнча, 5 кайрылуу аймактык түзүмдүк бөлүмдөрүнүн жетишсиз иши боюнча, анын ичинен 26 кайрылуу оң чечилген, 29 кайрылууга түшүндүе берилген.

Андан тышкары администрациясынын жетекчилиги тарабынан жашоочулардын маселелерин өздүк кабыл алуу күндөрүндө  каралат, ошондой эле райондун жетекчилиги тарабынан эл менен ордунда жолугушуулар өткөрүлүп турат.

Райондогу жүрүп жаткан иш-чаралар жана мамлекеттик органдардын аткарган иштери тууралуу маалыматтар ар дайым райондук гезитине чыгарылат.

Сокулук райондук администрациясында, айыл өкмөттөрдө КР өкмөтүнүн буюрмасын аткаруу максатында коррупцияга каршы иштер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлүнүн кызматы түзүлдү.

Нурзада АКМАТ

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 24, 2019 10:14

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина