Сокулук менен Ысык-Ата райондорунда коронавируска каршы эмдөө жүрүп жатат

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 31, 2021 14:12

Сокулук менен Ысык-Ата райондорунда коронавируска каршы эмдөө жүрүп жатат

17 29-мартта Чүйдүн Сокулук менен Ысык-Ата райондорунда коронавируска каршы эмдөөнүн алгачкы этабы башталды.

Бүгүнкү күндө Кыргызстанга 150 миң вакцина алынып келсе, анын 1200 даанасы Чүй облусунун Сокулук менен Ысык-Ата райондоруна келген.

Саламаттыкты сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин Чүй облусундагы координатору Бактыгүл Мамытова буларга токтолду.

«Өлкөнүн бардык жеринде ыктыярдуу түрдө эмдөө жүргүзүлөт. Бул вакцинаны алууга баарыңыздарды чакырам. Вакцина Бүткүл дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунан каттоодон өткөн.

Вакцинанын алгачкы этабы дарыгерлерге, мугалим жана эл менен көп байланышта болгон мамлекеттик кызматкерлерге сайылат. Эмдөө 2 этап менен жүргүзүлөт», — деди ал.

Jeenalieva
By Jeenalieva Март 31, 2021 14:12

Приемная кампания 2020

Элдик медицина