Сирияда болгон теракттардан 100дөй адамдын өмүрүн алды

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 22, 2016 11:02

Сирияда болгон теракттардан 100дөй адамдын өмүрүн алды

960x595 22 февраль, Бишкек. Жекшембиде Сириянын баш калаасы Дамаск менен Хомс шаарында болгон бир катар жардыруулар 100дөй адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу сириялык активисттер жана мамлекеттик медиа каражаттар билдиришти. Күндүз Хомс шаарындагы кош жардыруудан 60тай адам мерт кеткенин Британияда жайгашкан Сириялык адам укуктарын коргоо уюму маалымдаган.

 

Андан соң баш калаа Дамасктын Саид Зейнаб районундагы төрт жанкечтинин жардыруусу дагы 30дан ашуун адамдын өмүрүн алды. Жарадарлардын саны 100гө жетти.

 

Теракттар үчүн жоопкерчиликти “Ислам мамлекети” радикал тобу алды.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 22, 2016 11:02

Парламент

Элдик медицина