Сирия качкын тургундарын кайтып келүүгѳ чакырууда

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 6, 2017 11:14

Сирия качкын тургундарын кайтып келүүгѳ чакырууда

refugees-asylum-asylum-law-refugee-day-crisis-regions-humanitarian-disaster_a_0 6 февраль, Бишкек. Дүйнѳ жүзүн дүрбѳлѳңгѳ салган Сирия согушу ѳз элин жер кезип тентип кетүүгѳ аргасыз кылды. Башка ѳлкѳгѳ деңиз аркылуу сүзүп ѳтүүгѳ аракет кылган канчалган бейкүнѳѳ адамдар ѳлүмгѳ дуушар болууда. Албетте, мындай трагедия жалпы адам баласынын жүрѳгүн ѳйүп турат. Бирок  Сирия ѳкмѳтү мамлекетте кайрадан тынчтык орноп, эли бейкутчулукта жашаарына ишенет. Андыктан Сириянын тышкы иштер министри Валид Муаллем Бириккен Улуттар Уюмунун качкындар боюнча жогорку комиссары Филиппо Гранди менен Дамаскта жолугушуп, качкындарга жардам көрсөтүү боюнча эки тараптуу кызматташууну талкуулашты. Анда Муаллем мекендештерин Сирияга кайтып келүүгө чакырып, мамлекет аларды кабыл алууга жана алардын коопсуздугун камсыздап берүүгѳ мамлекет даяр экендигин билдирген.

Jeenalieva
By Jeenalieva Февраль 6, 2017 11:14

Парламент

Элдик медицина