ШКУ саммитине төрт президент байкоочу катары катышып жатат

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2018 07:30

ШКУ саммитине төрт президент байкоочу катары катышып жатат

8 Шанхай кызматташтык уюмунун 18-саммитине Монголиянын президенти Халтмаагийн Баттулга, Белоруссиянын президенти Александр Лукашенко, Ирандын лидери Хасан Роухани жана Ооганстандын президенти Ашраф Гани байкоочу катары катышып жатышат.

Кошумчалай кетсек, самиттин ачылышында Кытай Эл Республикасынын Төрагасы Си Цзиньпин уюмга жаңы мүчө болгон Пакистандын президенти Мамнун Хусейн менен Индиянын премьер-министри Нарендра Модини өзгөчө белгилеп, Кыргызстандын атынан алгачкы жолу катышып жаткан мамлекет башчы Сооронбай Жээнбековду да куттуктап өттү.

Ал жаңы мүчөлөр менен жаңы күч жана чоң милдеттер алдыда турганын кошумчалады.

Белгилей кетсек, бүгүн 10-июнда Циндао шаарында Шанхай кызматташтык уюмунун 18-саммити өтүп жатат. Ага Кытай лидери Си Цзиньпин төрагалык кылып, Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан, Өзбекстан, Индия жана Пакистан лидерлери катышууда.

Jeenalieva
By Jeenalieva Июнь 11, 2018 07:30

Приемная кампания 2018

Парламент

Элдик медицина